Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Башкы прокуратура Абировду мандатынан ажыратууга киришти

0
Башкы прокуратура Абировду мандатынан ажыратууга киришти

Башкы прокуратура депутат Жаныбек Абировду жоопкерчиликке тартууга макулдук алуу үчүн Жогорку Кеңешке сунуштама киргизди. Бул тууралуу Башкы көзөмөл органдын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Башкы прокуратурага Абировдун аракетине юридикалык баа берүү үчүн Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан материалдар келип түшкөн.

"Башкы прокуратура Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ж.Абировго карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1,4-пункттарында (адамдардын тобу тарабынан коомдук тартипти сактоо боюнча милдеттерин аткаруучу адамдарга карата бейбаштык аракеттер) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери менен кылмыш ишин козгоого, ага карата сотко чейинки тергөө аракеттерин, иш-чараларын жүргүзүүгө жана айыпкер катары тартууга макулдук берүү жөнүндө Жогорк Кеңешке сунуштама киргизди", - деп айтылат Башкы прокуратура тараткан маалыматта.

Кыргызстандын мыйзамдарынын талаптарына ылайык, Жогорку Кеңештин депутатына кылмыш иши козгоого, ага карата сотко чейинки тергөө аракеттерин, иш-чараларын жүргүзүүгө жана айыпкер катары тартууга Жогорку Кеңештин депутаттарынын макулдугу талап кылынат.

12-мартта социалдык тармактарда Жаныбек Абиров бир адамды ур-токмокко алып жаткан видео тараган. Тасмада топ кишилер жулмалашып, арасында депутат бир адамды сабап жатканын көрүүгө болот. Соңку окуя депутаттын этикасы жана жоопкерчилигине байланыштуу талаш-талкууга жем таштады.

Ресторандагы мушташтан эки күн өткөндөн кийин депутат Жаныбек Абиров Фейсбуктагы баракчасы аркылуу өзү кол көтөргөн адамдан жана анын жакындарынан, коомчулуктан кечирим сурады. Депутат эмоцияга алдырганын, ката кетиргенин моюнуна алып, жоопкерчилик тартууга даяр экенин билдирди.

"Мага байланыштуу окуяга баарыңыздар күбө болдуңуздар. Учурда укук коргоо органдары иликтеп жатат, мен алар менен кызматташып, бардык керектүү маалыматтарды берүүгө даярмын. Мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартууга даяр экенимди жана болгон окуянын олуттуулугун толук түшүнүп жатканымды баса белгилегим келет. Мен эл өкүлү катары, кандай гана жагдай болбосун, эмоцияга алдырбашым керек болчу. Ооба, мен ката кетирдим, чоң күнөө моюнумда бар жана кырдаалды жөнгө салуу үчүн бардык күч-аракетимди жумшоого даярмын. Аргенден, анын үй-бүлөсүнөн, жакындарынан чын жүрөктөн кечирим сурайм жана бардык колдоолорду көрсөтүүгө даярмын. Ошондой эле окуяга байланыштуу кыргызстандыктарды жана жалпы шайлоочуларымды кабатырлантканым үчүн кечирим сурайм. Апаларыбыздын жүрөгү эч качан оорубасын. Кечээги окуя үчүн терең өкүнөмүн. Мени кечирип коюуңуздарды суранамын", - деп жазган Абиров.

Абиров аралашкан мушташ 12-мартка караган түнү Бишкектеги ресторандардын биринде болгон. Шаардык милиция 13-мартта бул окуяга байланыштуу "бейбаштык" беренеси менен иш козголуп, эки адам кармалганын кабарлады.

Абиров 2021-жылы №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан парламенттин депутаттыгына шайланган. Ал 2016-2021–жылдары Бишкек шаардык кеӊешинин депутаты, анын төрагасы болгон.

Жогорку Кеңештин төрагасы, басма сөз кызматы Абировдун окуясы тууралуу үн ката элек. Парламенттин депутаты Фарходбек Алимжанов Абиров досу, пикирлеши, кесиптеши экенин билдирип, аны колдоп кечирим сурады.

"Мен четте, үнсүз байкап тура албадым. Мен болгон окуяны актагым келбейт. Ошол баланын жакындарынан, апасынан, бардык кыргызстандыктардан кечирим сурайм. Кечиримдүү бололу. Азыр жабырлануучунун апасы менен биздин коомдун кечиргени эң маанилүү. Биздин досубуз Жаныбек өлкөнүн өнүгүшү үчүн чоң пландары бар адам. Биз жаш, келечеги кең саясатчынын кетирген бир катасы үчүн сынып калышына жол бербешибиз керек. Абировдун жакшы жактары көп жана аны баарыбыз билебиз", - деп жазылган билдирүүдө.

Деген менен бул окуя депутаттын жоопкерчилиги жана этикасы тууралуу талкууну козгоду. Легендарлуу парламенттин депутаты, академи Жамин Акималиев бул окуя башкаларга сабак болушу керектигин эскертти.

"Тилекке каршы, бул окуя бул жалпы Жогорку Кеңештин саясий деңгээлинин төмөндүгүнөн кабар берет. Баары деп айта албайбыз, бирок бири-бири менен урушкан, тытышкан окуялар көп эле болуп жатпайбы. Абиров деген жигит этиканы, эл алдындагы жоопкерчилигин ойлошу керек эле. Жөнөкөй кишилер деле андайга барбашы керек. Бирок Жогорку Кеңештин депутатынын ошондой окуяга катышканы акылга сыйбаган иш. Азыр эми териштирүү жүрүп, иликтенип жатыптыр, ал аягына чыгат деп ойлойм. Канчалык кечирим сураса деле эл алдында жооп бериши керек. Биз "легендарлуу парламенттин" депутаты болуп турганыбызда 350 киши болчубуз. Эл алдында уят болбойлу деп аракет кылчубуз, профилактика ирээтинде парламент алдында этика боюнча комиссия түзүп койгонбуз. Биз жалпы легендардуу парламенттин абийирин сактап турганбыз. Бул окуя башкаларга сабак болуп, мындайга эми жол берилбеши керек".

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев 13-мартта окуя боюнча Садыр Жапаров кабардар экенин, Ички иштер министрлигине (ИИМ) окуяны ар тараптуу иликтөө тапшырмасы берилгенин билдирген. Ал эми Башкы прокуратура депутаттын жоругуна байланыштуу кийинчерээк маалымат берерин билдирди.

Юридика илимдеринин доктору, профессор Чолпонкул Арабаевдин пикиринде, мындай окуялар парламентке сын-дооматты дагы күчөтөт.

"Мыйзамдарга ылайык, мамлекеттик кызматкерлер гана эмес жөнөкөй жарандар деле жасаган кылмыштарын айтпаганда, мыйзамсыз жүрүм-туруму үчүн жоопкерчиликке тартылышы керек. Мындай учурларда мамлекеттик кызматкерлер жоопкерчилиги эки эсе экенин түшүнүшү керек. Ар бир мамлекеттик кызматкер жооптуу кызматка баруудан мурда анын жүгүн, түйшүгүн көтөрө аламбы деп ойлонушу керек. Мушташка бармак түгүл орой айтканга болбосун түшунүшү керек. Алардын баскан-турганы үлгү болушу керек. Эл тараза дегендей, мамлекеттик кызматкерлердин дарегине буга чейин деле далай сын айтылып келген. Азыр эми мамлекеттик кызматкерлердин айлык акысы, пенсиясы көбөйүп жатат. Ушундай учурда алар этият болушу керек. Кыргыздар эми той-аштарда көп болот, ошондо дагы аларды колуна кармаган кашыгынан бут кийимине чейин эл карап турат.

Юрист Таттыбүбү Эргешбаева Жогорку Кеңештин депутатын мандаттан ажыратуу машакаттуу экенин түшүндүрдү.

"Кылмыш иши козголду, эми тергөөнүн чечими менен сотко өтөт. Бирок сотко өтүшү үчүн жабыркаган адамдын арызы керек. Эгер ал кечирдим десе тараптар элдешип иш тергөөнүн негизинде жабылат. Эгер ал макул болбой сотко барам десе, сотто Абировга карата "бейбаштык" беренеси менен айып коюлушу мүмкүн. Ошол маалда анын мандатын алуу иштери жүргүзүлүшү мүмкүн. Мандатты алуу жөнөкөй процесс эмес. Атайын депутаттык комиссия түзүлөт, иликтөө иши көпкө созулат. Бирок эң биринчи тергөө чечим чыгарышы керек, тараптар сотко жетсе соттун чечими чыгышы керек, убактылуу депутаттык комиссия түзүлүшү үчүн прокуратурадан парламенте суроо-талап келиши керек. Ошондо депутатты суракка чакыруу укугу болот".

Буга чейин айрым маалымат каражаттар Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Жеңишбек Токторбаев Жалал-Абадда өзүнүн мейманканасын салып жаткан адамга кол көтөргөнү тууралуу жазышкан. Депутат буга байланыштуу комментарий берген эмес. Айрым бир маалыматтарга караганда жабыркаган адам милицияга жазган арызын кайтарып алган.

Кыргыз парламентинин тарыхында буга чейин дагы депутаттар мушташтарга, жаңжалдарга аралашкан окуялар чуу жараткан учурлар болгон.

2014-жылы февралда ошол кездеги депутат Нурбек Мурашевди Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнүн башчысы Жамалбек Тургумбаев сабаганын айтып чыккан. Дарыгер аны депутат ондогон медиктердин көзүнчө токмоктогонун айтып, жараат алып бейтапканага жаткан. Мурашев болсо мындай айыптоолордун баарын четке кагып, өз ишине шалаакы мамиле жасаган деп билдирген. Тараптар көп өтпөй өз ара элдешип алышканын билдирген.

2015-жылы сентябрда парламенттик шайлоо өнөктүгү маалында Борбордук шайлоо комиссиясы ошол кездеги “Республика Ата Журт” партиясынын теңтөрагасы Камчыбек Ташиевдин талапкерлигин каттоодон алып салган. Буга “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан талапкер Абдыманап Абдыбахаповго кол көтөргөнү себеп болгону айтылган. Ташиев бул окуяны атайын уюштурулган чагым, каралоо аракети деп баалаган. Абдыбахапов кабыргалары сынып ооруканага түшкөнүн билдирген.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *