Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Садыр Жапаров ККМ боюнча пикирин билдирди

0

Президент Садыр Жапаров ККМ (контролдук-кассалык машиналар) боюнча пикирин билдирди. Ал мамлекеттик "Кабар" маалымат агенттигине маек куруп, ККМ киргенден бери салыктын көлөмү көбөйгөнүн айткан. Ал дүң соода менен алектенген ишкерлер менен олигархтар патенттерге жамынып, салык төлөбөй жатышканын белгилеген.

"Биз “Карапайым соодагерлер, силердин бир жылда саткан товарыңар 8 миллион сомдон ашпаса, патент албай эле койгула. Патентке акчаңарды коротуп эмне кыласыңар. Болгону ККМ колдонгула. ККМди да бекер берели. Силерден болгону сатып алуучуга чек берип тургула" деп суранып жатабыз. Дүңүнөн сатуучулардан "Счет-фактура алгыла, мамлекет силерден эмес, дүңүнөн сатуучулардан, бай бизнесмендерден салык алалы. Карапайым калкты кыйнабайлы. Эртерек бутуна туруп алышсын” деп айтып атабыз. Мындан сырткары, мурдатан берки бүгүнкү күндө иштеп жаткан патент мыйзамдары боюнча бир патент бир эле киши үчүн болчу. Биз өзгөртүү киргизип жатабыз. Мындан ары ККМди колдонуп, саткан товары 8 миллион сомдон ашпаса үй-бүлөсү дагы ошол эле ККМ менен иштей берет жана аларга эч кандай салык төлөнбөйт. Мисалы, аялы бошобой жатса, күйөөсү же кызы, же баласы дагы бир точкада бир эле ККМ менен соода кыла берет. “Эгер соодаң бир жылда 8 миллиондон ашса, анда 30 миллион сомго чейин 1 эле пайыз төлө. 30 миллиондон ашса анда салык кодекси менен иште” деп атабыз", - деген президент.

Президент Жапаров дүйнө жүзү ККМге эбак өткөнүн белгилеп, контролдук-кассалык машиналар киргенден кийин салыктын көбөйгөнүн кошумчалаган.

"Мисалы: “Кайнар” тойканасы 2021-жылы 192 500 сом салык төлөсө, 2022-жылда 2 522 800 сом салык төлөдү. “Асман” тойканасы 2021-жылы 567 миң сом салык төлөсө, 2022-жылы 2 879 600 сом салык төлөдү. Бул бир эле жылда болгон жыйынтык. Биз салыктын тарифтерин бир тыйынга дагы көтөргөн жокпуз. Мурдагы эле тарифтер. Же салыктын жаңы түрлөрүн киргизген жокпуз", - деген Жапаров.

Кыргызстандын бийлиги соңку бир-эки жылдан бери өлкөдө товар саткан ишкерлердин баарын көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) колдонууга милдеттендирип жатат. Ага кошумча товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрү (ЭТТН) да киргизилди. Буга байланыштуу Бишкек жана аймактарда бир нече жолу нааразылык акциялары өттү.

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев жаңы салыктык эрежелерге каршы митингге чыккандар саботаж кылып жатканын билдирген. Ал мындай пикирин парламенттин Бюджет, экономикалык жана фискалдык комитетинин жыйынында “Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жатканда айткан. (КЕ)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *