Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Беларуста тажик оппозициясынын активисти Насриддинов кармалды

0

Беларуста тажик оппозициясынын активисти Низомиддин Насриддинов кармалды. Беларус укук коргоочулары ал мекенине депортацияланышы,  кыйноолорго кабылышы мүмкүн деп эскертишет.

Human Constanta уюмунун өкүлү Энира Броницкая “Азаттыктын” тажик редакциясына айтып бергендей, Насриддинов 8-январда Беларустун чек арасынан өткөндө тажик бийлигинин өтүнүчү менен кармалган. Ошондон бери Гродно шаарындагы тергөө абагында отурат.

Броницкаянын айтымында, Беларустун башкы көзөмөл органы 21-февралда тажик Башкы прокуратурасынын арызын канааттандырып, активистти экстрадициялоо чечимин кабыл алды.

Өзү жана үй-бүлөсү саясий баш калка алган Насриддинов 2015-жылдын октябрынан бери Германияда жашайт. 2017-жылы ЕККУнун Варшавадагы жыйынына «Топ 24» уюмунун өкүлү катары катышкан. Оппозициялык кыймылдын расмий өкүлү Насриддинов 2018-жылдан бери алардын катарына кирбей калганын билдирди.

Тажик бийлиги активисттин кармалышын комментарийлеген жок. Мекенинде ага карата экстремисттик ишмердикке чакыруу жана экстремизмди актоо беренеси менен иш козголгонун Броницкая билдирди. Тажикстанда андай кылмыш үчүн 3-5 жылга чейин абакка кесүү каралган.

Маалыматка караганда, Насриддинов Беларус прокуратурасынын чечимине апелляция берди.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *