Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Садыр Жапаров Түрк мамлекеттери уюмунун кезексиз жыйынына катышуу үчүн Анкарага барды

0
Садыр Жапаров Түрк мамлекеттери уюмунун кезексиз жыйынына катышуу үчүн Анкарага барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн 15-мартта Түрк мамлекеттери уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын кезексиз саммитине катышуу үчүн Анкарага барды. Түркиянын борбор шаарында ал өлкө президенти Режеп Тайып Эрдоган менен да өзүнчө жолугушуп, сүйлөшөрү пландалууда.

ТМУ саммити бул жолу “Кырсыктарды башкаруу жана гуманитардык жардам” темасына арналууда.

Расмий делегациянын курамында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев, өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, экономика жана коммерция министринин орун басары Канатбек Абдырахманов бар.

Түрк элдеринин кызматташтыгын бекемдөө максатында 1992-жылы Түркиянын ошол кездеги жетекчиси Тургут Озалдын демилеси менен Анкарада Азербайжандын, Казакстандын, Кыргызстандын, Өзбекстандын, Түркмөнстандын лидерлеринин алгачкы жыйыны өткөн. Андан бери уюмдун курамында өзгөрүүлөр болуп, 2009-жылы азыркы Түрк мамлекеттери уюму түзүлгөн. Мүчөлүк макамга ээ болгон беш өлкөдөн тышкары уюмдун жыйындарына байкоочу катары Венгрия жана Түркмөнстан катышып келе жатат.

Түркия азыр февраль айынын башында болгон катуу жер титирөөнүн кесепетин жоюу менен алектенүүдө. Бул табигый кырсыктан каза болгондор элүү миңге чукулдады. Жабыркаган аймакка жардам берүү үчүн Кыргызстан каражат чогултуп, куткаруучуларын жана дарыгерлерин жөнөтүп, үй-жайсыз калгандарга убактылуу баш калкалоо үчүн боз үйлөрдү тигип берген. 

Мындан тышкары, өлкө 14-майда өтө турган парламенттик жана президенттик шайлоого камданууда. Сурамжылоолор оппозициялык бирдиктүү талапкер катыша турган бул шайлоо жараяны чыңалуу менен коштолорун көрсөтүүдө. (RK)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *