Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Кыргыз-өзбек автозаводу боюнча келишим ратификацияланды

0
Кыргыз-өзбек автозаводу боюнча келишим ратификацияланды

Чүйдө автозавод куруу боюнча кыргыз-өзбек инвестициялык долбоорун ратификациялаган мыйзам бүгүн 15-мартта Жогорку Кеңеште үч окууда кабыл алынып, бекитилди.

Автомобилдик жана коммерциялык техника чыгаруучу завод куруу жөнүндөгү келишимге быйыл 27-январда Бишкекте өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин мамлекеттик сапары учурунда кол коюлган.

Өкмөттүн маалыматына караганда, келишим үч этап менен ишке ашырылат. Биринчи этабында 10 миң даанага чейин автомобиль чогултулуп, кыргызстандыктар үчүн 500 жумуш орду ачылат. Экинчи этабында 20 миңге чейин автомобиль чыгарылып, 1000 кыргызстандык жаңы жумуш орду менен камсыздалат. Ал эми өндүрүш башталгандан алты жылдан кийинки үчүнчү этапта автомобилдердин санын 30 миңге жеткирүү каралууда.

Жеңил машина, микроавтобус жана чакан жүк ташуучу машина чыгарыла турган ишкананы Чүйдүн  Ак-Суу айылына куруу пландалууда.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *