Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Курултай жөнүндө мыйзам долбоорун кароодо кайрадан талаш-тартыш чыкты

0

Жогорку Кеңеш “Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоорунун концепциясын биринчи окууда талкуулап жатат. Мыйзам долбоорду иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун жетекчиси Чолпонбек Абыкеев буга чейинки айтылган сунуштарды экинчи окууда оңдоп чыгууга даяр экенин белгиледи.

"Ушул мыйзамды биринчи окуудан өткөрүп берүүңүздөрдү сурайт элем. Буга чейин сиздерден бир топ кемчиликтер, айрым жагдайлар боюнча суроолор түшкөн. Анын баарын биринчи окуудан өткөндөн кийин оңдоп чыгууга даярбыз. Ар бир комитет менен макулдаштык, ар бир фракциядан өкүл топко кирсе, алар менен бирге сунуштарды карап чыгып, талкуу, тактоодон кийин экинчи окууга сунуштоону макулдаштык", - деди Абыкеев.

Депутаттар мындан тогуз ай мурдагы концепция өзгөртүүсүз келгенин сынга алышууда. Депутат Элмурза Сатыбалдиев бул мыйзам долбоорун күн тартибинен алып коюуну суранды.

"Мен мурдагы комитеттин жыйынына катышканмын. Ошол бойдон эле алып келишиптир. Азыр колдоп койгула дейт, экинчи окууда чогуу иштейли дейт. Азыр күн тартибинен алып коюңуз, мындай түрүндө өтпөйт. Ар бир фракциядан алышсын, иштешсин. Мурдагыда дагы айттым эле айылдык, шаардык курултай турат экен. Курултайды жакшына эле өткөруштү го, ошонун негизинде эле мыйзам жазып келиш керек эле", - деди эл өкүлү.

Ушул пикирди депутат Кундузбек Сулайманов, Надира Нарматова дагы айтып, "керектүү пункттарды өзгөртүп келгенде мынчалык талкуу болбойт эле" деген пикирлерин билдиришти.

"Сиз өзүңүздү өзүңүз кыйнабаңыз, төрага. Себеби депутаттардын пикири белгилүү болуп жатат. Азыр одоно түрундө айтканда "кызын алганча бардыгына макул дей бергендей" болуп эле туруп алып жооп берип жатасыз. Биринчи концепциясы өткөндөн кийин колу-бутуңар кайрылып, парламенттин ордуна курултай келет дагы элдин алдында тебеленди болуп отурасыңар", - деди Нарматова.

Ал мыйзамдын долбоорун комитетке кайтарып, ошол жактан жумушчу топ түзүүнү сунуштоодо.

Мунун алдында ЖК төрагасы Нурланбек Шакиев мыйзам долбоорунун концепциясын биринчи окууда кабыл алууну сунуштап, берилген сунуштар экинчи окууда эске алынарын белгилеген.

2022-жылы 17-майда парламенттин тармактык комитети курултай мыйзамын биринчи окууда четке каккан.

Негизги талкуу концепциядагы “жергиликтүү курултайлар” деген аныктаманын тегерегинде чыккан. Депутаттар Конституцияда бир гана “элдик курултай” тууралуу айтылганын, ар бир жергиликтүү бийлик деңгээлинде өзүнчө курултай уюштуруу туура эмес экенин жана материалдык жактан кошумча жүк болорун айтышкан.

Долбоордун авторлору өз жүйөсүн келтирип, мыйзамдарга карата карама-каршылык жок экенин билдиришкен.

Президент сунуштаган документти 11 адамдан турган жумуш тобу иштеп чыккан.

Баш мыйзамда Элдик курултай - коомдук-өкүлчүлүктүү жыйын деп жазылган. Ал кеңешүүчү, байкоочу жыйын катары коомдун өнүгүү багыттары боюнча сунуштамаларды берет. Былтыр 25-ноябрда Бишкекте 1072 делегат катышкан Элдик курултай өткөн. (КЕ)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *