Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Кумтөр: Уу калдык көмүлгөн жерде 118 тонна алтын бар экени айтылды

0
Кумтөр: Уу калдык көмүлгөн жерде 118 тонна алтын бар экени айтылды

Кумтөрдөгү уу калдык көмүлгөн жерде 118 тонна алтын бар экенин бүгүн 16-мартта Жогорку Кеңеште депутаттарга маалымат берип жатып «Кумтор Голд Компани» ишканасынын президенти Алмаз Барыктабасов билдирди.

Анын айтымында, бул боюнча долбоор тобу былтыр күздөн бери иштеп жатат:

“Бекем фаза деп коебуз, көлөмү 148 тонна. Ал 118 тонна алтын болот. Долбоор тобу ишин былтыр күзүндө баштаган. Азыр кайсы компания менен изилдөө иштерин жүргүзөрүбүздү тандадык. Буюрса күзгө жакын отчет алып, алтынды чыгарып ала турган жылыбыз 2026-жылдын башы болот”.

Кумтөрдүн өзүндө дагы канча алтын бар экени тууралуу суроого жооп берип жатып Барыктабасов “Буюрса көп жыл иштейбиз. Запасыбыз жакшы” деп жооп берди.

Компания кендеги калдык сактоочу жайды иштетип, жыл сайын 4,7 тоннадай алтын алууну пландап жатканы, муну менен киреше гана таппастан уу калдыкты зыянсыздандырса болорун буга чейин билдирген.

Жакында эле ишкананын мурдагы жетекчиси, коррупция үчүн кармалып, абакта отурган Тенгиз Бөлтүрүк 2025-жылы кендеги калдык сактоочу жай толуп калышы мүмкүн экенин эскерткен. Ишкана анын билдирүүсүн четке каккан.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *