Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Инфантино ФИФАны дагы төрт жыл жетектейт

0
Инфантино ФИФАны дагы төрт жыл жетектейт

Жанни Инфантино Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) башчылыгына кайрадан шайланды. Руанданын башкалаасы Кигалиде өткөн конгрессте ал жогорку кызматка ат салышкан жападан-жалгыз талапкер болду. Добуш берүүнүн ордуна анын талапкерлиги жактырылды. Эми футболдук функционер бул кызматты 2027-жылга чейин аркалайт.

Швейцариялык юрист Инфантино биринчи жолу 2016-жылы төрага болуп, 2019-жылы кайра шайланган.

211 федерациянын башын бириктирген уюмдун жылдык каржылоосу 2016-жылдан бери 250 миңден 2 миллион долларга жетти.

Финансылык ийгиликтерге карабай төраганын айланасында талаш-тартыш жараткан маселелер да жок эмес. Мисалы Катардагы стадиондорду курууда адам укуктарынын бузулушун сындагандарды ал “эки жүздүүлүк” үчүн айыптап, нааразылыкка жем таштаган.

Инфантиного чейин ФИФАны Йозеф Блаттер жетектеп келген.  2015-жылы кызматынан четтетилип, Швейцария прокуратурасы кылмыш иш козгогондон кийин анын футболго аралашуусуна тыюу салынган.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *