Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Түрк мамлекеттери уюму жарандык коргонуу механизмин жана инвестфонд түзүүнү макулдашышты

0
Түрк мамлекеттери уюму жарандык коргонуу механизмин жана инвестфонд түзүүнү макулдашышты

Түрк мамлекеттери уюмунун (ТМУ) 16-мартта Түркиянын борбору Анкарада өткөн кезексиз саммитинин жыйынтыгында уюмдун жарандык коргонуу механизмин жана өкмөттөр ортосунда Түрк инвестициялык фондун түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Мамлекет башчыларынын жыйынына Кыргызстандан президент Садыр Жапаров катышты.

Саммит “Кырсыктарды башкаруу жана гуманитардык жардам” темасына арналды.

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров өз сөзүндө Түркия башынан кечирип жаткан азыркы оор мезгилде түрк өкмөтүнүн жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу боюнча бардык аракеттерин колдоого жана көмөк көрсөтүүгө даяр экенин айтты. Ошону менен катар ал кыргыз тарап уюмга мүчө мамлекеттердин жогорку деңгээлдеги жолугушууларын үзгүлтүксүз өткөрүүгө өзгөчө маани берерин баса белгилегенин президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Түрк элдеринин кызматташтыгын бекемдөө максатында 1992-жылы Түркиянын ошол кездеги жетекчиси Тургут Озалдын демилеси менен Анкарада Азербайжандын, Казакстандын, Кыргызстандын, Өзбекстандын, Түркмөнстандын лидерлеринин алгачкы жыйыны өткөн. Андан бери уюмдун курамында өзгөрүүлөр болуп, 2009-жылы азыркы Түрк мамлекеттери уюму түзүлгөн. Мүчөлүк макамга ээ болгон беш өлкөдөн тышкары уюмдун жыйындарына байкоочу катары Венгрия жана Түркмөнстан катышып келе жатат.

Түркия азыр февраль айынын башында болгон катуу жер титирөөнүн кесепетин жоюу менен алек. Бул табигый кырсыктан каза болгондор элүү миңге чукулдады. Жабыркаган аймакка жардам берүү үчүн Кыргызстан каражат чогултуп, куткаруучуларын жана дарыгерлерин жөнөтүп, үй-жайсыз калгандарга убактылуу баш калкалоо үчүн боз үйлөрдү тигип берген.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *