Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Кемпир-Абад иши: Абакта абалы оорлогондор көз каранды эмес медкомиссия түзүүнү суранышты

0
Кемпир-Абад иши: Абакта абалы оорлогондор көз каранды эмес медкомиссия түзүүнү суранышты

Кемпир-Абад маселесине байланыштуу камалып, абакта ден соолугу начарлагандар көз каранды эмес медициналык комиссия түзүүнү суранып жатышат. “Кемпир-Абадды коргоо комитети” 16-мартта өлкөнүн акыйкатчысына, Кыйноолорго каршы улуттук борборго, укук коргоо уюмдарына кайрылуу жолдоп, саламаттыгы начарлап жаткандарды текшерүү, зарыл болсо аларга квалификациялуу жана атайын медициналык жардам көрсөтүү керек экенин билдиришти.

Беш айдан бери эч кандай тергөө амалдары жүрбөй жатканы белгиленген кайрылууда “Эркиндигибизден мыйзамсыз жана адилетсиз ажырабастан, көпчүлүгүбүз ден соолугубуздан да ажыроодобуз” деп айтылды.

“Улукбек Маматаев 15-мартта оор абалда ооруканага жеткирилип, операция болду. Асия Сасыкбаеванын, Гүлнара Журабаеванын, Рита Карасартованын ден соолугу күндөн-күнгө начарлоодо. Мамбетжунус Абылов менен Клара Сооронкулованы оор операциядан кийин реабилитацияга шарт түзбөй, ооруканадан чыгарып алышты. Таалайбек Мадеминовду доктурлардын оор кант диабетине байланыштуу түрмөдө кармоого болбойт деген чечимине карабастан тергөөчү Улан Жапеков аны камакта кармоодо. Ал эми тез арада операцияга муктаж Чыңгыз Капаров менен жүрөк оорусуна байланыштуу госпитализация талап кылынган Илгиз Шаменовдун квалификациялуу медициналык жардам алуусуна Жаза аткаруу кызматынын медицина бөлүмүнүн башчысы Назгүл Солтобекова бут тосууда”, - деп жазылган кайрылууда.

Кайрылууда аталган мекемелер азырынча бул боюнча комментарий бере элек.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатышына каршы пикирин ачык билдирип чыккан жыйырмадан ашуун белгилүү саясатчы, активист дээрлик жарым жылдан бери камакта отурушат. Милиция алар бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Президент Садыр Жапаров ортодогу талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирип, камалгандарды “Төңкөрүш кылууга башка шылтоо таба албай, Кемпир-Абад маселесин шылтоо кылабыз дешкен" деп айткан. Камактагылар муну бийликти сындаганы үчүн саясий куугунтук деп атоодо. (RK)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *