Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Жогорку комиссар Ташкентти Нукус окуяларынан сабак алууга чакырды

0
Жогорку комиссар Ташкентти Нукус окуяларынан сабак алууга чакырды

Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Волкер Түрк 13-15-март күндөрү Өзбекстанга болгон сапарынын жыйынтыктары тууралуу маалымат берди. Сапардын жүрүшүндө ал президент Шавкат Мирзиеев баш болгон жетекчилер менен кездешти. Андан кийин Каракалпакстанга бет алган.

Жергиликтүү маалымат каражаттары жазгандай, дипломат саясий, коомдук турмушта гендердик теңсиздикти жоюу зарылдыгын белгилеп, президенттин жана Сенат төрагасынын бул жааттагы аракеттерин кубаттарын билдирди. Мындан тышкары расмий адамдар менен жолугушууларда Түрк кыйноолорду токтотуу, жарандык коомдун реформаларга катышуусу, журналисттерди жана сөз эркиндигин коргоо, маданий укуктарды урматтоо, Нукустагы окуялардан сабак алуу тууралуу кеңештерин ортого салды.

Жогорку комиссар өзбек бийлигин бир жыныстагы адамдардын мамилеси үчүн сот жообуна тартуу беренесин алып салууга да чакырды.

Былтыр жайда Өзбекстанда Баш мыйзамды өзгөртүү демилгеси көтөрүлүп, Каракалпакстан автоном Республикасынын суверендүүлүгү тууралуу беренелерди алып салуу сунуш кылынганда, аймактын борбору Нукус шаарында нааразылык акциялар тутанган.

1-2-июлдагы митингдер күч менен басылып, кан төгүлгөн. Өзбек бийлиги 21 адам каза тапканын, 243 адам жараат алганын кабарлаган. 500дөн ашуун адам кармалган. Каракалпакстан окуялары боюнча соттук териштирүү уланууда.

Ай башында Ташкенттеги сапары учурунда Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Каракалпакстандагы кан төгүүнү иликтөө маанилүү экенин эскерткен.

16-17-март күндөрү БУУнун жогорку өкүлү Астанада болмокчу.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *