Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

"Кумтөр иши": Мамлекетке миллиондорду кимдер төктү?

0

Президент Садыр Жапаров “Кумтөр иши” боюнча дагы бир жолу комментарий берип, компанияда алтын эмес, акча уурдалганын айтты. Өлкө башчы кендеги коррупциялык ишке байланыштуу онго чукул адам камалганын, алар келтирилген чыгымды төлөшү керектигин билдирди.

Иштеги негизги фигуранттардын бири, “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин абакта жаткан мурдагы жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүк күнөөсү жок экенин кайталап, утур-утур бийликке кайрылууда. Алдыда “Кумтөр ишинин” чоо-жайына токтолобуз. 

“Кумтөрдө” алтын эмес, акча уурдалган”

16-мартта “Кумтөр Голд Компани” компаниясынын ишмердигин иликтеген депутаттык комиссия Жогорку Кеңеште отчёт берди. Комиссиянын маалыматына караганда, “Кумтөрдөгү” коррупция боюнча Башкы прокуратура төрт кылмыш ишин иликтеп жатат.

Мунун алдында президент Садыр Жапаров “Кумтөр Голд Компани” ишканасында кызмат көрсөтүүлөрдөн каражат уурдалганын айткан.

Бул тууралуу ал 14-мартта мамлекеттик “Кабар” маалымат агенттигине курган маегинде, “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин мурдагы башчысы Тенгиз Бөлтүрүктүн жубайы ачкачылык жарыялаганына байланыштуу суроого жооп берип жатып билдирди.

“Алтын жагынан эч ким бир грамм да уурдай албайт. Көзөмөл системасы жакшы коюлган. Бул жагынан канадалыктарга эң жогорку баа берсек болот. Ал эми акча жагынан уурулуктар болгон. Бул эми адамдык фактор. “Кумтөрдү” иштетүү үчүн күйүүчү май, автотетиктерди, алтын казып алууга керектүү шаймандарды сатып алат. Жумушчуларды тамак менен камсыз кылууда азык-түлүк сатып алышат жана башка толтура кызмат көрсөтүүлөр болот. Ушул маселелерден акча уурдалган, пендечилик экен да. Мамлекет билбей калат дешсе керек. Жакшылап, көздү чоң ачып текшерсе, баары чыгат. Мен Тенгиз Бөлтүрүктү коюп жаткан күндөн баштап камалганга чейин: “Мамлекеттин укуругу узун. Бир сомдун артынан кубалап барат. Уурулук, ашыкча ысырапчылык болбосун, таза иште” деп какшап келгем. Тилекке каршы, ушундай болду. Мен билгенден он чакты адам камакта. Азыр эми камалгандардын баары чыгымды ордуна коюп коюшсун. “Бир топ сумма кайтарылды”- деп бир апта мурда башкы прокурор айтып жатты эле. Толук кайтарып коюшсун. Андан кийин укук коргоо жана сот органдары үй камагына чыгаруу маселесин карашса керек... Буларды түрмөдө чирители деген эч кимдин ою жок”, - деди Садыр Жапаров.

Тенгиз Бөлтүрүктүн жубайы Илмира Алпысбаева жолдошуна үй камагына чыгып, дарыланууга шарт түзүлбөй жатканын, ушундан улам 13-марттан баштап ачкачылык жарыялаганын билдирген.

Тенгиз Бөлтүрүк Фейсбуктагы баракчасына ага козголгон кылмыш иши, “Кумтөр” ишканасын жетектеп тургандагы ишмердиги тууралуу утур-утур абактан жазган каттарын жарыялап турат. Ушундай эле билдирүүлөрүн адвокаты Кайсын Абакиров аркылуу да чыгарат.

Февраль айынын аягында президент Садыр Жапаровго кайрылып, өкмөттө кимдир бирөөгө "тоскоолдук болуп жатса, Канадага чыгып кетүүгө даяр экенин" айтып, “Кумтөрдө” коррупциялык иштер боюнча да сөз кылган.

“Жумасына 75-80 сааттан иштесем да баары бир “Кумтөрдүн” жана улуттук холдингдин иштерин, кесиптештерди көзөмөлдөгөнгө жалгыз үлгүрбөдүм. 20 жылдан ашык “Кумтөрдө” терең жана жакшы уюштурулган коррупциялык схемаларды толук жойгонго жалгыз алым жетпеди... Мен үчүн бул турмуштук чоң сабак болду. Бирок сизге мен сөз бергендей өзүм ошол схемаларга аралашкан жокмун жана сиздин абийириңизди түшүрүп же саткынчылык кылып уят кылбадым”, - деп айтылат Тенгиз Бөлтүрүк жазган катта.

Садыр Жапаров “Кумтөр” ишканасындагы жемкорлук боюнча Бөлтүрүккө козголгон иш тууралуу буга чейин да бир нече жолу комментарий берип, ал таза иштеп жатканына ишендирип келгенин айткан.

Президент айткан миллиондорду кимдер кайтарды?

Башкы прокуратура 2022-жылы 13-сентябрда “Кумтөрдөгү” коррупцияга байланыштуу Тенгиз Бөлтүрүктү, “Кумтөрдүн” ошол кездеги жабдуу боюнча адиси Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиеваны, каржы башкармалыгынын директору Рыспек Токтогуловду кармаган. Ишкананын мурдагы аткаруучу директору Канат Курмановго издөө жарыяланып, быйыл 14-январда “Манас” эл аралык аэропортунан кармалып, Бишкектеги №1 тергөө абагына (СИЗО-1) камалган.

Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева Жогорку Кеңештин 16-марттагы жыйынында “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын айланасындагы иш тууралуу маалымат берди:

“Бул боюнча төрт кылмыш иши бар жана азыр териштирилип жатат. Айыпталып жаткандар: Рысбек Токтогулов, Тенгиз Бөлтүрүк, Канат Курманов, Руслан Енгалычев айыпкер катары өтүүдө. Келтирилген зыян 1 млрд. 146 млн. сом. Анын ичинен 56% же 642 млн. сом өндүрүлдү. Мунун 152 млн. сому акчалай, 490 млн. сому накталай. Бул каражат тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөрдөн алынган”.

Үмүткан Коңкубаева кылмыш иши боюнча тогуз адам шектүү катары өтүп жатканын айтып, бирок алардын баарынын аты-жөнүн атаган жок. Маалыматка караганда, тогуз кишинин төртөө камакта.

Буга чейин Тенгиз Бөлтүрүктүн адвокаты Кайсын Абакиров “Кумтөр” боюнча кылмыш ишин тергөө дээрлик аяктап калганын, Башкы прокуратура мамлекетке келтирилген чыгымды кайтарып жатканын билдирген.

“Казакстандык Apollo Resources компаниясы 1 млн. доллардан (137 568 642 сом) ашык зыянды төлөп берди. Ошондой эле кыргызстандык “ЦентралАзияМеталл” жоопкерчилиги чектелген коому да 20 млн. сомдон ашык материалдык зыяндын ордун толтурду. Тергөөдө “Кумтөр” ишканасы Apollo Resources компаниясына күйүүчү май алуу үчүн 1,5 млн. доллар которгону белгилүү болду. Бирок казакстандык ишкана күйүүчү майды белгиленген убакта алып келген эмес. “ЦентралАзияМеталл” болсо “Кумтөргө” ар кандай жабдыктарды алып келип турган”.

Ачык булактардагы маалыматка караганда, күйүүчү май сатуу менен алектенген Apollo Resources ишканасы Казакстанда катталган. Дамир Копеев аттуу адам жетектеген компания коңшу өлкөдө 2022-жылы кайра каттоодон өткөн.

Ал эми “ЦентралАзияМеталл” жоопкерчилиги чектелген коом Кыргызстанда иштейт. Ишканалардын базасы топтолгон osoo.kg сайтындагы маалымат боюнча, компанияны Жанышбек Рыскулов башкарат. Биз ишкананын уюштуруучуларынын бири Талгатбек Касмалиев менен байланыштык:

“Директор 20 млн. сомдой төлөп берди. Бирок мен дароо айтып коёюн. Бул жерде эч кандай коррупциялык иштер жок. Эсеп палатасы болгону товарды мурда биз саткан баа менен азыркы бааны эсептеп туруп ортодогу айырманы чыгарып коюптур. Мисалы, былтыр “Кока-Кола” 40 сомдон болсо быйыл анын баасы 80 сом да. Директор жөн жерден эле ортодогу айырманы төлөп берди. Биздин Тенгиз Бөлтүрүк менен байланышыбыз жок. Тааныш да эмеспиз”, - деди Касмалиев.

“ЦентралАзияМеталл” компаниясы “Кумтөр Голд Компаниге” кенден казылган руданы талкалаган темир жабдыктарды жеткирүү менен алектенет.

Экономикалык кызыкчылыктар кайнаган ишкана

“Kумтөр” азык-түлүктөн баштап күйүүчү май, “Caterpillar” оор техниканын тетиктери, амиак селитрасы, жардыруучу заттар болуп отуруп күнүмдүк керектелүүчү ар кандай товарларды сатып алып турат. Алардын ичинен Кыргызстан ишкананы азык-түлүк менен гана 100% камсыздабаса, көбү чет жактан сатылып келет.

“Материалдык-техникалык камсыздоо боюнча алсак, 24-25% жергиликтүү ишканалар, 70% ашыгын чет өлкөлүк ишканалар алып келет. Өндүрүш чоң. Ошондуктан “Kумтөргө” кайсы компания эмне алып келип атат, өзүнчө маалымат берейин”, - деди “Kумтөрдүн” башчысы Алмаз Барыктабасов.

Жарандык активист Мавлян Аскарбеков “Kумтөр” ишканасында экономикалык кызыкчылыктар көп экенин, аны жөнгө алуу үчүн атайын мыйзам кабыл алуу сунушун берди.

“Кыргызстандын казынасына көп каражат салып, экономиканын кыймылдаткычы болуп аткан “Кумтөр” ишканасынын иштөө тартиби мыйзам менен бекитилиши керек. Мындан ары бизге Тенгиз Бөлтүрүктөй болуп түрмөдө отура турган, ар кандай адамдардын ашыкча чыгашасына алып келген окуялардын кереги жок. Мыйзамда “Кумтөр” кандай иштеши керек, кызматкерлер кандай алынат, ишкана кандай текшерилет так жазылышы зарыл. Компанияны биздин Эсеп палатасы же прокуратура эмес, дүйнөлүк ири аудитордук компаниялар текшерсе туура болот. Айтты дейсиңер, “Кумтөрдү” азыр башкарып турган адамдар да кийин жоопко тартылат. Себеби, бул ишканада каржылык, экономикалык кызыкчылык көп. Бөлтүрүк өзүнүн катында да “мен бирөөгө тоскоолдук кылып жатсам” деп жазып атат. Бирок кимге тоскоолдук кылды, кимдин жолун кесип өткөнүн ачык айткан жок. Андай тоскоолдуктар азыр да боло берет. Ушунун баарын тыйыш үчүн мамлекеттик ишкананын жылдык кирешеси мынча миллиард сомдон ашса, ал ушул мыйзамдын негизинде, ушундай тартипте, текшерүү менен иштейт деген мыйзам керек”.

“Бөлтүрүктү дайындагандардын жоопкерчилигин кароо керек”

“Кумтөр Голд Компани” Кыргызстандын карамагына өткөндөн кийин ишкананын ачык-айкын иштеши, жетекчилеринин короткон каражаты боюнча парламентте депутаттар бир нече жолу маселе көтөргөн.

Компанияны ошол кезде жетектеп турган Тенгиз Бөлтүрүк коюлган дооматтардын баарын четке кагып турган. Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев мындай пикири менен бөлүштү:

“Кыргызстан “Кумтөрдү” кайтарып алгандан кийин анын ишине толугу менен өкмөт башчы жооп берет. Себеби, Акылбек Үсөнбекович  (ред.: Жапаров)“Кумтөргө” тышкы башкаруу киргизүү сунушу менен келгенде парламент колдоп берген. Ошондо депутаттар “Эми мурдагыдай коррупциялык иштер болбосун. Мамлекет үчүн иштесин” деп айтканбыз. Бирок ишке келгенде президентти да ыңгайсыз абалга алып келишти. Өздөрү тандап койгон кишилер эле коррупциялык иштерди кылды. Бул жерде миллиарддаган сом тууралуу сөз болуп атат. Каржылык мыйзам бузуулар дагы чыгат. Анткени иликтөө иштери бүтө элек. Эми Тенгиз Бөлтүрүктү дайындаган, аны алып келгендер да жооп бериши керек”.

Канадалык “Центерра Голд” компаниясы менен бирге башкарып келген кенди Кыргызстан өз карамагына 2021-жылдын май айында алып, 2022-жылдын апрелинде “Кумтөр Голд Компанинин” 100% акциясы Кыргызстанга өткөн.

Кыргызстан менен “Центерра Голд” доо арыздардан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге жетишкен. Ага ылайык, Кыргызстан “Центерра Голдго” акциялардын 26% өткөрүп берип, бардык экологиялык жана каржылык доодон баш тарткан.

Өлкөдөгү ири алтын кенин мамлекетке алууда Тенгиз Бөлтүрүк чечүүчү ролду ойногон адамдардын бири. Анда Канаданын да жарандыгы бар. 2020-жылы октябрь айында бийлик алмашкандан кийин “Центерра Голд” компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү болгон. 2021-жылы май айында “Кумтөр Голд Компани” ишканасына убактылуу сырттан башкаруучу болуп дайындалган. 2022-жылы февралда ишкананы убактылуу тышкы башкаруу укугу жаңы түзүлгөн “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингине берилген. Ошол эле кезде Бөлтүрүк бул холдингдин жетекчиси бойдон калган.

Өкмөт “Улуу көчмөндөр мурасы” өзүн актаган жок деген жүйө менен аны жоюу чечимин чыгарып, быйыл 10-февралда тиешелүү мекемелерге эки айлык убакыт берди.

Кутманованын кызматтан күтүүсүз кетиши 

Эсеп палатасы жакында эле “Кумтөр” компаниясынын 2021-жылдын май айынан 2022-жылдын июнь айына чейин, Бөлтүрүк жетектеп турган учурда корогон каражат, чыгымы тууралуу отчёт жарыялаган. Анда “Кумтөр” бул убакыт аралыгында “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингин каржылоого 1,9 млн. доллар короткону аныкталган. Акчанын көбү - 1 млн. 148,3 миң доллар чет элдик адистердин айлыгына кеткен. Жаңы кеңсенин ижарасына 100,5 миң доллар короткон, жергиликтүү адистердин маянасына 407,6 миң доллар, келишимдик негизде иштегендерге 175,8 миң доллар төлөнгөн.

Мекеме Тенгиз Бөлтүрүк “Кумтөрдү” башкарып турганда ишканага караштуу машинелерди таратканын да кабарлаган. Экология министрлигинин ошол кездеги жетекчиси Динара Кутмановага 2014-жылы чыккан “Тойота – LC 200” жол тандабасын тапшырган. Баасы – 62 миң долларлык машине министрликке берилген. “Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондуна” 74 миң долларга бааланган “Мерседес” тийген. Эсеп палатасы берилген автоунааларды компанияга кайра кайтаруу керек экенин билдирген.

Динара Кутманова 15-мартта кызматтан алынды. Ал “Азаттыкка” комментарий берип, иштен кеткенин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун аракети менен байланыштырды жана сөз болуп жаткан автоунаа тууралуу суроого жооп берди.

“Эсеп палатасы “Кумтөр” Динара Кутмановага машине берген” деп жазып жатат. Бул жерде “Кумтөр” мамлекеттик ишканасы дагы бир мамлекеттик мекемеге убактылуу пайдалануу үчүн машине берип атат. Анан кайдагы кызыкчылыктардын кагылышы болот. Эсеп палатасы автоунаа мага берилгендей жазды. Бул жерде фактылар бурмаланып жатат. Тенгиз Бөлтүрүк өткөндө “өкмөттө кимдер бирөөгө тоскоол болсом, Канадага чыгып кетейин” деп жазбадыбы. Тергөө ушуну да текшерип чыгышы керек. Мен кимге тоскоол болуп жатам? Президентти адашууга алып келишти”.

Динара Кутманова министр болуп 2021-жылы 13-октябрда дайындалган. 2020-жылы ноябрдан баштап Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору болуп турган. Кийин бул мекеме жоюлуп, министрлик болуп түзүлгөн.

Ал кызматка келгенге чейин Кумтөр кениндеги экологиялык маселелерди эколог катары байма-бай көтөрүп турган. Кызматка 2020-жылы Октябрь окуясынан кийин Садыр Жапаровдун командасы менен келген.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Динара Кутманова айткан дооматтарга жооп бере элек. Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматы кийинчерээк маалымат берилерин билдирди.

“Кумтөр Голд Компани” былтыр кенден 17,3 тонна алтын өндүрүп, мамлекетке 32,1 млрд. сом салык жана милдеттүү төлөмдөрдү төккөн.







В РМАТ ПРОШЕЛ I БИЗНЕС-ФОРУМ ВЫПУСКНИКОВ РМАТ 1999-2023 ГОДА ВЫПУСКА, ПОСВЯЩЕННЫЙ 55-ЛЕТНЕМУ ЮБИЛЕЮ АКАДЕМИИ

Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)

Новые вызовы и обеспечение технологического суверенитета квалифицированными кадрами обсудили в Москве


Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)

Сотрудники отеля Yalta Intourist поздравили ветеранов с Днём Великой Победы

Светлые оттенки весенней моды: стильные идеи для женщин в возрасте

Команда ювелирной сети «585*ЗОЛОТОЙ» приняла участие в благотворительном забеге от фонда «Антон тут рядом»


UFC plans to be ‘flexible’ in next broadcast rights deal, including potential end to traditional PPV

Gunmen open fire and kill 4 people, including 3 foreigners, in Afghanistan's central Bamyan province

AML check crypto

Precision in Motion: Exploring Baltic Bearing Company-Riga


Новые вызовы и обеспечение технологического суверенитета квалифицированными кадрами обсудили в Москве

Чесменская церковь.Санкт-Петербург

Черёмуховая сказка Холмогорья

Старый Гоор.


Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)

Five new Steam games you probably missed (May 20, 2024)

Always keep backups: an 'unprecedented' Google Cloud debacle saw a $135 billion pension fund's entire account deleted and services knocked out for nearly two weeks

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)


Estischool - Школа за британською програмою


В Москве произошла драка с участием 15 человек, двое в больнице

Lipatov Sound заявил о выходе нового трека “Red City”

МегаФон расширяет продажи в 10 регионах России

«СВЯТОЙ ЛЕНИН» УЛУЧШАЕТ ЗАКОНЫ, управляет патентами и улучшает командное планирование в целях учёта интереса всего народа.


Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)

Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)

Нейл-мастер Карпинская: френч и избыточность в дизайне не подходят для коротких ногтей

Что там в IT: ИИ-отрыв Google, ChatGPT почти человек, отечественный BIOS


В Яндекс Аренде назвали 10 районов Москвы, где дешевле всего снять квартиру

Центр Всероссийского музея А. С. Пушкина откроется в библиотеке-читальне

Свыше 270 предприятий представили Москву на международной выставке «Металлобработка-2024»

Певец Пресняков публично обратился к проживающему в США сыну от Орбакайте


Немец Зверев выбил россиянина Медведева из топ-4 ATP

Потапова не смогла пробиться во второй круг турнира WTA в Страсбурге

Экс‑теннисистка Джорджи обвиняется в краже мебели и ковров на €100 тысяч — СМИ

Российский теннисист Медведев опустится на строчку в рейтинге ATP


Названы 4 лучших туристических направления, куда можно отправиться без загранпаспорта

Центр Всероссийского музея А. С. Пушкина откроется в библиотеке-читальне

В Клину увеличились показатели производства, розничной торговли и зарплата

Врач Болибок: эффективность вакцинации против аллергии зависит от состояния иммунитета


Музыкальные новости

Сергунина: в Москве появилась собственная платформа по разработке моделей ИИ

Певец Лоза заявил, что Джикия является настоящим капитаном

Ольге Бузовой пришлось гулять по Нижнему Новгороду ночью

Певец Shaman посетил Рязань и рассказал, что не носит трусы


«СВЯТОЙ ЛЕНИН» УЛУЧШАЕТ ЗАКОНЫ, управляет патентами и улучшает командное планирование в целях учёта интереса всего народа.

Свыше 600 навалов мусора устранили в Подмосковье за неделю

V Общероссийская конференция «Устойчивое развитие этнокультурного сектора» представит калейдоскоп успешных практик в сфере социального проектирования

В Москве произошла драка с участием 15 человек, двое в больнице


"Спартак" обыграл "Рубин" со счетом 3:1

Свыше 600 навалов мусора устранили в Подмосковье за неделю

Сергей Собянин: Колледжи проведут Дни открытых дверей

Театр и Культура, Россия и Дети: 15 мая театр кукол Ульгэр представил спектакль «Мүнгэн мүшэдүүд» в стенах Художественного музея для первых классов гимназии №29 Улан-Удэ


Источник 360.ru: на Ленинградском шоссе в САО Москвы случилось ДТП с 8 машинами

Полиция начала поиск скрывшихся участников массовой драки на юге Москвы

Работу наземного транспорта в семи округах Москвы скорректируют 23 и 25 мая

В Воскресенске сотрудники Росгвардии задержали подозреваемого в умышленном повреждении чужого автомобиля


Король Бахрейна прибудет 22 мая с визитом в Москву

BNA: Король Бахрейна прибудет в Москву по приглашению Путина

Кремль: Путин 23 мая проведет переговоры с королем Бахрейна в Москве

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о качественном росте отечественного автомобилестроения


Немоляева находится в тяжёлом состоянии под наблюдением врачей

Заболеваемость COVID-19 в России выросла почти на 14,7 процента за неделю

Шизофрения и болезнь Альцгеймера: симптомом какой болезни может стать потеря обоняния



Россияне рассказали, какие вредные привычки коллег раздражают их больше всего

В Москве завершился Всероссийский форум «Здоровье нации – основа процветания России».

Новое отделение вызовов врачей на дом открылось в МОЦОМД в Люберцах

В Москве произошла драка с участием 15 человек, двое в больнице


Зеленский объяснил, почему не хочет приглашать РФ на «саммит мира»


Сергей Собянин подвел итоги Московской олимпиады школьников

Сотрудница ОМОН "Оплот" приняла участие в костромском забеге «Галичское Заозерье»

Олимпийский чемпион Роман Костомаров поздравил победителей номинации «Экскурсия без границ» программы «Лига Экскурсоводов»

Бонгонда: стадион и база «Спартака» — мои любимые места в Москве


Запись от имени Президента Беларуси сделана в книге соболезнований в посольстве Ирана


Собянин рассказал о Международном форуме инноваций БРИКС

Сергей Собянин. Главное за день

Сергей Собянин принял решение о расширении мер поддержки промпредприятий

Сергей Собянин подвел итоги Московской олимпиады школьников


Собянин рассказал о развитии инновационной экосистемы Москвы

АО «Транснефть – Дружба» провело экологические акции

Якутия представила цветочную инсталляцию «Мост в будущее» на выставке «Россия» в Москве

Российский рынок одноразовой биоразлагаемой посуды: итоги 2023 г., прогноз до 2027 г.


Центр Всероссийского музея А. С. Пушкина откроется в библиотеке-читальне

Певец Пресняков публично обратился к проживающему в США сыну от Орбакайте

В Клину увеличились показатели производства, розничной торговли и зарплата

Названы 4 лучших туристических направления, куда можно отправиться без загранпаспорта


«Северная красота» пусков Плесецка

Архангельск впервые принял Всероссийские соревнования по танцевальному спорту

Истории жителей Поморья представили в семейном мюзикле в Архангельске

Общее дело: в новом сезоне волонтеры продолжат работу по сохранению объектов культурного наследия в Архангельской области


Театр и Культура, Россия и Дети: 15 мая театр кукол Ульгэр представил спектакль «Мүнгэн мүшэдүүд» в стенах Художественного музея для первых классов гимназии №29 Улан-Удэ

Литературный монолог «По праву памяти», к 105-й годовщине со дня рождения А.С. Крупнякова, советского и российского писателя.

«Дефицитный продукт». В Севастополе малогабаритки стали дороже, Симферополь продемонстировал падение стоимости квадрата

Премию Фета получил поэт из Югры


Предприятия обрабатывающей промышленности Королева отгрузили товаров на 23 млрд

Главнокомандующий Бюден: Швеция усилила оборону острова Готланд на Балтике

Стало известно, как в Петербурге отпразднуют День города

Делегация из Китая посетила индустриальный парк в Солнечногорске














СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *