Облустук прокуратура Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуевди жана жергиликтүү салык кызматынын башчысы Бахтияр Мусабековду “Укук бузуулар жөнүндө” Кодексинин 435-беренеси (“Кызмат адамдарынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузуусу”) боюнча жоопкерчиликке тартып, аларга 10 миң сомдон айып пул салды.
Аларга контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) колдонуу боюнча түшүндүрүү иштерин жетишерлик деңгээлде жүргүзбөгөндүгү үчүн айып салынганын Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.
11-мартта Садыр Жапаров Нарын облусуна иш сапары менен барып, жергиликтүү тургундар менен жолугушкан. Ошол учурда ишкерлер президентке ККМ боюнча даттанышкан.
Президент Садыр Жапаров жакында эле мамлекеттик "Кабар" маалымат агенттигине маек куруп, ККМ киргенден бери салыктын көлөмү көбөйгөнүн айткан. Ал дүң соода менен алектенген ишкерлер менен олигархтар патенттерге жамынып, салык төлөбөй жатышканын белгилеген. Мамлекет башчы дүйнө жүзү ККМге эбак өткөнүн белгилеп, контролдук-кассалык машиналар киргенден кийин салыктын көбөйгөнүн айтып, ишкерлерди ККМге каршы чыкпоого чакырган.
Кыргызстандын бийлиги соңку бир-эки жылдан бери өлкөдө товар саткан ишкерлердин баарын көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) колдонууга милдеттендирип жатат. Ага кошумча товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрү (ЭТТН) да киргизилди. Буга байланыштуу Бишкек жана аймактарда бир нече жолу нааразылык акциялары өттү.
Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев жаңы салыктык эрежелерге каршы митингге чыккандар саботаж кылып жатканын билдирген. Ал мындай пикирин парламенттин Бюджет, экономикалык жана фискалдык комитетинин жыйынында “Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жатканда айткан. (КЕ)
Always keep backups: an 'unprecedented' Google Cloud debacle saw a $135 billion pension fund's entire account deleted and services knocked out for nearly two weeks
Sea War: Raid 1.131.0
Five new Steam games you probably missed (May 20, 2024)
Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)
Театр и Культура, Россия и Дети: 15 мая театр кукол Ульгэр представил спектакль «Мүнгэн мүшэдүүд» в стенах Художественного музея для первых классов гимназии №29 Улан-Удэ
Певица Кристина Агилера в боди вышла на сцену после похудения
Рокер Шнуров на «Новой фабрике звезд» пристыдил певца Киркорова за Евровидение
Волочкова: Загитова терпит нападки за красоту и прямоту
Литературный монолог
«По праву памяти»,
к 105-й годовщине со дня рождения А.С. Крупнякова,
советского и российского писателя.
Театр и Культура, Россия и Дети: 15 мая театр кукол Ульгэр представил спектакль «Мүнгэн мүшэдүүд» в стенах Художественного музея для первых классов гимназии №29 Улан-Удэ
Выставка славянских истоков «В бессмертье уходит всеведенье литер простых»