Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Өзбекстанда дагы 28 каракалпак активисти абакка кесилди

0
Өзбекстанда дагы 28 каракалпак активисти абакка кесилди

Өзбекстанда биринчи инстанциядагы сот дагы 39 каракалпак активистин былтыр Каракалпакстан автономдуу республикасындагы өкмөткө каршы нааразылык акцияларына катышканы үчүн "күнөөлүү" деп тапты. Каракалпакстандын кылмыш иштери боюнча соту өз өкүмүн 17-мартта Бухара шаарында жарыялады.

Ага ылайык, 28 айыпталуучу 5тен 11 жылга чейин абакка кесилди. Аларга "массалык башаламандыкка катышкан, социалдык тармактарда козголоңго чакырган материалдарды таркаткан, күйүүчү, жарылуучу заттарды мыйзамсыз колдонгон" деген кине тагылган. Дагы 11 киши шарттуу кесилип, сот залынан бошотулду.

Айыпталуучулар күнөөсүн мойнуна алганы же четке какканы тууралуу маалымат жок.

Январдын соңунда ушул эле сот Каракалпакстандагы нааразылыктын 22 катышуучусуна өкүм чыгарган эле. Акциялардын башкы уюштуруучусу деп айтылган журналист Даулетмурат Тажимуратов 16 жылга түрмөгө кесилген. Сот дагы 15 кишини үч жылдан сегиз жарым жылга эркинен ажыраткан. Алты жылга эркинен ажыратылган Полат Шамбетов өткөн айда абакта каза тапкан.

Эл аралык уюмдардын өкүлдөрү өзбек бийлигин Каракалпакстандагы окуяларга байланыш адилет сот өткөрүүгө үндөп келишет.

Өзбекстанда Конституцияны өзгөртүү демилгеси былтыр жазында көтөрүлүп, 1-2-июлда автономиялуу Каракалпакстан Республикасында нааразылык чыккан. Жумурияттын суверендүүлүгү тууралуу беренелерди Конституциядан алып салууга каршы Нукус шаарында өткөн ири митингдер күч менен басылган. Кеминде 21 адам каза таап, жүздөгөн адамдар жараат алган бул кандуу окуядан кийин Каракалпакстандын макамы өзгөрүүсүз калган.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *