Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Маданият министрлиги: "Азаттыкты" жабууга кызыкдар эмеспиз

0
Маданият министрлиги:

Маданият маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттыкты” жабууга кызыкдар эмес. Бул тууралуу министрликтин өкүлү бүгүн 17-мартта Ленин райондук сотунда "Азаттык Медиа" мекемесинин ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча доо арызы каралып жатканда айтты жана экспертиза боюнча өтүнүч келтирерин билдирди. Эмне экспертиза тууралуу сөз болуп жатканы айтыла элек.

Министрлик “Азаттыктын” ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен сотко арызданганы быйыл 23-январда маалым болгон.

Доо арызында ал эл аралык компаниянын “Настоящее время” телеканалы жарыялаган кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу видеоматериал веб-сайтынан өчүрүлө электигин жана ал социалдык түйүндөр аркылуу тарап жатканын белгилеген. “Азаттык Медиа” мекемеси “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамдын 23-беренесинин “согушту, зомбулукту жана ырайымсыздыкты, улуттук, диний обочолонууну жана башка элдерди жана улуттарды жек көрүүнү насааттоого тыюу салынат” деген пунктун бузуп жатканын көрсөткөн.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай буга чейин “Настоящее время” телеканалы боюнча коюлган айыпты четке кагып, “Азаттык” “Кыргыз өкмөтү кандай кадамга барса да бизге ишенген аудиторияга кызмат кылууну улантабыз” деп комментарий берген.

Ушул тапта “Азаттыктын” сайты жана банк эсептери боюнча бир нече сот иштери уланып жатат. “Азаттык Медиа” мекемесинин банк эсептери жана сайтынын бөгөттөлүшүн бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар, коомдук ишмерлер, медиа серепчилер сындап келет. (TSh)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *