Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Мэрия жалбырак өрттөгөндөр айыпка жыгыларын эскертти

0
Мэрия жалбырак өрттөгөндөр айыпка жыгыларын эскертти

Бишкек шаарында 15-апрелге чейин аймакты көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча бир айлык ишембилик жарыяланды.

Калаа мэриясы жалбырактарды өрттөгөндөргө айып пул салынарын эскертүүдө. Маалыматка караганда, тазалоодон кийин чогулган таштандылар жана жалбырактарды кадимки таштанды контейнерлерине салууга болот, андан кийин аларды "Тазалык" ишканасы чыгарат.

"Жалбырактарды жана башка жашыл чөптөрдү өрттөөгө тыюу салынат. Жалбырактардан чыккан түтүн оор кесепеттерге алып келген зыяндуу заттарды бөлүп чыгарат", - деп айтылат мэриянын басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Жалбырак өрттөгөндөргө “Бузуулар жөнүндө” кодексинин 115-беренесинин 3-бөлүгүнүн негизинде айып пул салынат. Айып пулдун өлчөмү жеке адамдарга 7,5 миң сом, юридикалык жактарга 23 миң сомду түзөт.

Бүгүн, 18-мартта Кыргызстандын бардык аймагында ишмебилик өтүүдө. (КЕ)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *