Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Бишкекте Борбор Азиядагы суу форуму өтүүдө

0
Бишкекте Борбор Азиядагы суу форуму өтүүдө

Бишкекте бүгүн, 18-мартта “Борбор Азиядагы суу ресурстары: кыйынчылыктар жана перспективалар” аттуу форум өтүүдө.

Ага өлкөдөгү суу ресурстарын башкарууга тиешеси бар өкмөттүк мекемелер, эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышууда. Бул иш чара Бириккен Улуттар Уюмунун "Суу-2023" Эл аралык конференциясынын алкагында ишке ашып жатканын уюштуруучулар белгилешти.

22-24-мартта боло турган конференцияга Кыргызстандан расмий делегациядан тышкары бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү барат. Форумда Кыргызстандагы суу ресурстарын башкаруу талкууланып жатат. Форумду “Жашыл Альянс”, Open Innovations жана Green4, БУУнун Кыргызстандагы өнүгүү программасы уюштурду.

Борбор Азия чөлкөмүндө суу-энергетикалык маселе оор эле бойдон калууда.

Суу Кыргызстандын энергетикасы менен эриш-аркак турат. Токтогул суу сактагачында суу аздыгы өткөн жылдан бери өлкөдө энергетикалык кризисти жаратууда. Быйыл кышында өлкөнүн бардык аймагында электр жарыгын өчүрүүлөр, чектөөлөр киргизилди.

Өкмөттүн алдындагы Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин буга чейин билдиргени боюнча дыйканчылык талаалардын көпчүлүк бөлүгү жайгашкан Чүй облусундагы мөңгүдөн агып түшкөн дарыялардагы суунун көлөмү жылдан жылга азаюуда.

2020-жылы аймактагы Чүй дарыясынан тышкары Аламүдүн, Ала-Арча, Кара-Балта жана Сокулук дарыяларындагы суу нормадан 40% аз келүүдө. Бул мурдагы жылдарга салыштырмалуу эки эсе аз. Чоң-Кемин дарыясындагы суу да 50% азайган. (BCh/KE)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *