Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

"Эсимде" аянтчасы уюштурган "Эс тутум өткөөлүндө" жыйыны өтүүдө

0

Бүгүн, 18-мартта Бишкекте "Эс тутум өткөөлүндө" эл аралык конференциясы өтүп жатат.

Аны “Эсимде” изилдөө аянтчасы уюштурган. Иш-чара алкагында эс тутум жана деколонизация темаларына кайрылган изилдөөчүлөр, коомдук ишмерлер, активисттер, көркөм өнөр ээлери чакырылган.

Уюштуруучулардын айтымында, картограф жана изилдөөчү Талгат Жумашев "Токтогул суу сактагычынын айтылбай калган тарахы" деген темада баяндама жасап, Кыргызстандын гана эмес, кошуна эки өлкөнүн дагы экономикасына чоң таасир эткен курулуш миңдеген кетмен-төбөлүктөрдүн тагдырын өзгөрткөнүн айтып берди.

"Аянты Бишкектен 1,5 эсе чоң жерден 30 миңге чукул адам ата конушунан көчүрүлгөн. Жаңы көчүп барган жерде турак жай курууга мамлекет карызга (!) акча берип, аны кетмен-төбөлүктөр көптөгөн жылдар бою кыйналып төлөшкөн. Муну азыркы токтогулдуктардын бардыгы эле билбесе керек", - деп жазды "Эсимде" платформасы.

Конференцияга Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан жана Орусиядан келген изилдөөчүлөр катышууда.

"Эсимде" изилдөө аянтчасы Кыргызстандын тарыхын адамдардын жеке окуялары, күбөлөрдүн көзү аркылуу изилдеп, оозеки тарыхты илгерилетип жаткан аянтча. (КЕ)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *