Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Кыргызстан-Индия аскерлеринин биргелешкен машыгуусу аяктады

0
Кыргызстан-Индия аскерлеринин биргелешкен машыгуусу аяктады

Кыргызстандын Коргоо министрлиги 18-мартта Индиянын аскерлери менен бирге өткөргөн машыгуу аяктаганын билдирди. Ага ылайык, “Канжар-Х” деп аталган машыгууга эки өлкөнүн атайын багыттагы аскер бөлүктөрү катышкан.

“Машыгууда мыйзамсыз куралдуу түзүмдөрдү тоолуу шартта жок кылуу боюнча биргелешкен атайын тактикалык эпизоддорду көрсөтүштү. Биргелешкен машыгуунун планына ылайык, чабуул учурунда имараттын ичинде аман калуу техникасы боюнча практикалык сабактар өткөрүлдү”,- деп жазылган маалыматта.

Коргоо министрлиги машыгуу кайсы жерде өткөнүн тактаган жок. Мекеменин билдиришинче, мындай иш-чара жыл сайын уюштурулат. Былтыр кыргыз аскерлери Индияга барып келген.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *