Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Президенттик администрация Тамчы аэропортундагы дубалдын урашынын себебин түшүндүрдү

0
Президенттик администрация Тамчы аэропортундагы дубалдын урашынын себебин түшүндүрдү

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков Ысык-Көлдөгү аэропорттун тосмо дубалынын урап калганына байланыштуу 19-мартта түшүндүрмө таратты.

Орунбеков Фейсбуктагы баракчасына жазган маалыматка караганда, аэропорттун айланасын короолоо боюнча “Кыргызстройсервис” ишканасы жеке подрядчы компания менен келишим түзгөн. 2023-жылдын 18-мартында катуу шамалдан улам бетондоо иштери толук бүтө элек тилкедеги дубал урап түшкөн.

"Тосмо дубалдын кулап калышы боюнча подрядчы фирма чыгымды өз моюнуна алат жана кайра калыбына келтирет. Калган бөлүктөгү дубал талапка ылайык бетондолгон. Учурда ураган дубалды тазалоо, ордун иретке келтирүү жана кайра тургузууга даярдык көрүү иштери жүрүп жатат", - деген Орунбеков “Кыргызстройсервис” ишканасы жумуш бүткөн учурда дыкат текшерүү жүргүзөрүн, талапка жооп берсе гана кабыл аларын жазды.

Аэропорттун жаңы эле салынган тосмо дубалынын бир бөлүгү катуу шамалга туруштук бере албай урап калганы тартылган видеолорду жергиликтүү тургундар 19-мартта социалдык тармактарга жарыялашкан. Тосмо эки ай мурда аэропорттун айланасын курчай салынган. Быйыл 20-январда президент Садыр Жапаров аэропортту модернизациялоонун жүрүшү менен таанышканда анын басма сөз кызматы дубал тосмонун курулуп жатканы көрсөтүлгөн сүрөттөрдү чыгарган.

Мындан улам интернетте курулуштун сапаты тууралуу сын, талкуулар күчөдү.

Бул аба майданы Кыргызстандагы эл аралык деген макам алган беш аэропорттун бири. "Манас "эл аралык аэропорту” ачык акционердик коомунун курамына кирет. Тамчы айылында жайгашкан жана расмий түрдө "Ысык-Көл" эл аралык аэропорту деп аталат. Анын курулушу 1975-жылы башталып, 2003-жылы пайдаланууга берилген.

2015-жылы аба майданын реконструкциялоо иштери башталып, 2016-жылы аяктаган. Ошондон бери күнү-түнү учактарды кабыл ала алат деп айтылган.

Ошол жылы аэропорт Аба транспорту эл аралык ассоциациясынын (IATA) IKU кодун алган. (NT)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *