Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

HRW: "Кемпир-Абад ишинде" толтура процессуалдык мыйзам бузуу бар

0

Эл аралык Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму Кемпир-Абад маселесине байланыштуу камалып отургандардын ишинде Кыргызстандын адам укуктары жаатындагы эл аралык милдеттенмелерине карама-каршы келген толтура процессуалдык мыйзам бузуулар бар деп эсептейт. Бул тууралуу уюм 20-мартта жарыялаган билдирүүсүндө айтып, кыргыз бийлиги дүйнөлүк коомчулук алдында сый мамилеге татыктуу өнөктөш катары кала алабы же жокпу деген суроо турганын белгиледи жана камактагыларды бошотууну, калыс иликтөөнү талап кылды.

«Оюн эркин билдирүү укугунун негизинде чыккан бул адамдар тергөө изоляторуна камалмак турсун, ал жакка жеткирилбеши керек болчу», — деди HRW уюмунун Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү Сыйнат Султаналиева.

Билдирүүдө эң узак деген эки айлык абак мөөнөтү октябрь айынан бери үч жолу узартылганы, тергөөдө байкаларлык жылыш жок болуп жатканы, тергөө абагы узак убакыт кармоого ылайыкташпаган жай болгондуктан көбүнүн ден соолугу начарлаганы, аларга жакындарын жолотпой жатышканы, тергөө далил катары көрсөтүп жаткан аудиолор монтаждалып, редакциялаганы белгиленди.

Уюмдун эсебинде, жалпысынан 25 адам кармалган, алардын 22синин абак мөөнөтү 20-апрелге чейин узартылды.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатышына каршы пикирин ачык билдирип чыккан жыйырмадан ашуун белгилүү саясатчы, активист дээрлик жарым жылдан бери камакта отурушат. Милиция алар бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Президент Садыр Жапаров ортодогу талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирип, камалгандарды “Төңкөрүш кылууга башка шылтоо таба албай, Кемпир-Абад маселесин шылтоо кылабыз дешкен" деп айткан. Камактагылар муну бийликти сындаганы үчүн саясий куугунтук деп атоодо.

Бир катар ири эл аралык уюмдар, анын ичинде Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча комитети да кыргыз бийлигин бул ишти адилет териштирүүгө чакырышкан.  (RK)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *