Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Нарында чогултулган оюнчуктар Түркиянын зилзала болгон аймагына жеткирилди

0
Нарында чогултулган оюнчуктар Түркиянын зилзала болгон аймагына жеткирилди

Нарын шаарындагы бала бакчада чогултулган оюнчуктар Түркиянын зилзала катталган аймагына жеткирилди. Бул тууралуу Анкара шаарынын Этимесгут районунун мэри Энвер Демирел Твиттер баракчасында кабарлады.

"Кыргызстандын Нарын шаарындагы Ататүрк бала бакчасынын окуучулары жиберген оюнчуктары зилзаладан жапа тарткан Кахраманмараш аймагындагы балдарга жеткирдик".

Демирел соцтармактарда жарыялаган тасмада Нарын шаарындагы бала бакчада кутуларга оюнчуктар чогултулуп, учак менен Түркияга жөнөтүлгөнү көрсөтүлөт.

Нарын шаарында  Этимесгут муниципалитети куруп берген 100 орундуу бала бакча былтыр июлда ачылган. Имарат "Этимесгут-Нарын" достук жана кызматташтык келишиминин алкагында курулган.

Ал эми Түркияда жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн ачылган атайын эсепке 100 млн. 559 400 сом, 18 250 рубль жана 65,67 доллар түшкөнүн 11-мартта Кыргызстандын Финансы министрлиги билдирген. 

Түркиянын вице-президенти Фуат Октай 19-мартта өткөн айдагы зилзаланын курмандыктары 49 миңден ашканын билдирди. (ElB)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *