Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Талас: Милиция өспүрүм кызды зордуктоого шектүү кармалганын билдирди

0
Талас: Милиция өспүрүм кызды зордуктоого шектүү кармалганын билдирди

Таласта милиция 14 жаштагы өспүрүм кызды зордуктоо фактысын иликтеп жатат.

Облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлагандай, Арал айылынын тургуну быйыл 27-январда 14 жаштагы небересин айылдашы күч колдонуп зордуктаганын айтып, арыз жазган.

Милиция "Зордуктоо" беренеси менен кылмыш ишин козгоп, шектүү катары ошол эле айылдын 22 жаштагы тургуну кармалган. Азыр иликтөө-тергөө уланып жатканы айтылды.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2021-жылы балдарга карата 3034 кылмыш катталган, анын 500гө жакыны сексуалдык зомбулукка байланыштуу.

Ички иштер министрлиги былтыр сексуалдык зомбулук боюнча жалпысынан 121 кылмыш иши тергелип, анын 80и сотко жөнөтүлгөнүн билдирген. Балдарды зордуктоо фактысы боюнча 39 иш тергелип, анын 25и сотко өттү, үч кылмыш иши токтолуп, дагы 11ин тергөө уланып жатканын маалымдаган. (КЕ/MKt)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *