Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Наристени сабап, кыйнаган кишинин өкүмү өзгөрүүсүз калды

0
Наристени сабап, кыйнаган кишинин өкүмү өзгөрүүсүз калды

Сокулукта эки жаштагы наристени кордоп сабаган кишинин өкүмү өзгөрүүсүз калды. “Балдардын укугун коргоочулар лигасы” уюмунун жетекчиси Назгүл Турдубекованын айтымында, апелляциялык арыз 22-мартта Чүй облустук сотунда каралып, райондук соттун “балага зордук көрсөтүп, кыйноо үчүн беш жылга эркинен ажыратуу” деген өкүмү ошо бойдон калтырылды.

Былтыр июнь айында Сокулук райондук соту эки жаштагы Егорду сабоого айыпталып жаткан 35 жаштагы Александр Самаркинди беш жылга эркинен ажыраткандан кийин облустук сотко апелляциялык арыз берилген.

Ошол жылдын 3-февралында Сокулук райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө наристе колу-буту күйүп, бети-башы, денеси көгала жана жыныс органы кесилген абалда түшкөн. Окуя боюнча кылмыш иши козголгон. 7-февралда Егор Бишкектин №3 балдар ооруканасына которулган.

Бул окуядан кийин Кыргызстанда балдардын укугун коргоо боюнча бир айлык жарыяланган. Кийин наристени чоң энеси багып жатканы белгилүү болгон.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *