Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Кыргызстандан баалуу металлдарды ташып чыгууга чектөө киргизилди

0
Кыргызстандан баалуу металлдарды ташып чыгууга чектөө киргизилди

Министрлер кабинети баалуу металл жана аларды камтыган чийки товарларды Кыргызстандан ташып чыгууга чектөө киргизди.

Мындай чечим өкмөттүн жыйынында кабыл алынды. Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, анын негизги максаты - ата мекендик зергерчилик тармакты колдоо.

Ага ылайык, Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) аймагына баалуу металлдарды ташып келүү жана ташып чыгуу жөнүндө жобо боюнча Кыргызстандан мындай металлдарды алып чыгууда 500 кг чектөө киргизилди. Ал алты ай күчүндө болот.

Кабыл алынган чечим расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Министрлер кабинети баалуу металлдарды жана кара металлдын сыныктарын, калдыктарын ташып чыгууга былтыр август айында да алты айга убактылуу тыюу салган.

Баалуу металл – алтын, күмүш, платина жана платина тобуна кирчү металлдар (палладий, иридий, родий, рутений, осмий).

Кара металл - чоюн, болот, прокат, феррокуйма, чоюн жана болот. Кара металл курулуш материалдарын чыгарууда, техникалык жабдууларды жасоодо ж.б. колдонулат. (BTo)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *