Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Активисттер эл аралык коомчулукту Рахмон менен адам укуктарын талкуулоого чакырышты

0
Активисттер эл аралык коомчулукту Рахмон менен адам укуктарын талкуулоого чакырышты

Тажикстандык жарандык активисттер тобу БУУнун расмий өкүлдөрүнөн президент Эмомали Рахмондун Нью-Йоркко сапары учурунда өлкөдөгү адам укуктарынын абалын талкуулоону суранышты.

20-мартта Рахмон БУУнун Суу конференциясына катышуу үчүн АКШга барган.

Активисттер кайрылуунун көчүрмөсүн "Озоди" радиосуна жөнөткөн. Каттын авторлору коопсуздуктан улам аты-жөнүн ачыкка чыгарышпайт.

БУУнун Суу конференциясынын сессиясы 22-24-мартта Нью-Йоркто Эмомали Рахмондун төрагалыгы алдында өтөт. Жыйынды Тажикстан менен Нидерланддын өкмөттөрү биргелешип уюштурууда.

Жарандык активисттер конференциянын жүрүшүндө Тажикстандагы адам укуктарынын оор абалы, Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы нааразылык акцияларынын күч менен басылышы да талкууланышы керектигин белгилешүүдө.

Эл аралык уюмдар акыркы жылдары "Тажикстанда адам укуктары одоно бузулуп, оппозициянын оозун жабуу аракети болуп жатат" деп Дүйшөмбүнү сындаган билдирүүлөрдү таратууда. Буга журналисттердин, блогерлердин камалышы, Тоолуу Бадахшандагы нааразылыктар мисал келтирилет.

Тажикстандын бийлиги өлкөдө адам укуктары жана сөз эркиндиги толук сакталат деп ырастайт.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *