Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Аба ырайы: күн ачык болот

0
Аба ырайы: күн ачык болот

23-27-март күндөрү абанын температурасынын жогорулашына жана жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда, Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 45-50-чакырымдарында жана Чоң-Ашуу ашуусунда, Барскоон-Ак-Шыйрак жолундагы Сөөк, Кара-Гөө ашууларында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл.

24-мартта жаан-чачын болбойт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 15…20,

Таласта түнкүсүн 2…7, күндүз 15…20,

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25,

Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…+5, күндүз 13…18,

Нарында түнкүсүн -2…-7, күндүз 9…14,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -15…-20, күндүз -4…+1 градуска чейин жогорулайт. 

Бишкекте жамгыр жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 4…6°, күндүз 18…20° градус болот.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *