Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Прокуратура Жалал-Абадда акча кымырган жолчуларга иш козголгонун маалымдады

0
Прокуратура Жалал-Абадда акча кымырган жолчуларга иш козголгонун маалымдады

Бишкек-Ош автожолуна асфальт төшөөгө деп бөлүнгөн акчадан кымырып алышкан деп Транспорт жана коммуникация министрлигинин “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын Жалал-Абаддагы филиалынын №30 Жол-тейлөө ишканасынын кызматкерлери шектелип жатканын бүгүн 23-мартта Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Кара-Көл шаарынын прокуратурасы текшерүү жүргүзүп, аталган ишкананын жооптуу кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Бишкек-Ош автожолунун 392-396-чакырымында жолго асфальт төшөөдө долбоорлоо-сметалык документтерде көрсөтүлгөн суммадан 3,7 миллион сомго ашыкча жумуш аткарылгандыгы тууралу актыларды жасалмалашканын аныктаган. Ал эми Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу Жол чарба департаментинин №6 аймактык бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери актыларды тиешелүү түрдө текшербей туруп кабыл алып, натыйжада мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Бул факт боюнча прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш ишин козгоп, учурда тергөө жүрүүдө.

Дүйнө жүзүндө жемкорлуктун деңгээлин изилдеген Transparency International уюму былтыркы жылдын жыйынтыгын чыгарып, Кыргызстанда жемкорлук азайган жок деген бүтүмгө келген. Кыргызстан уюмдун индексиндеги жалпы 100 баллдан 27 упай алып, дүйнөдөгү 185 өлкөнүн ичинен 140-орунду ээледи. Кыргызстан ондогон жылдардан бери жемкорлук индексинде 30 упайга жете албай келет. Упай канчалык көп болсо, ошол өлкө жемкорлуктан арылуу жолунда экенин далилдейт. (RK)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *