Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Жер титирөө: Тажикстанда 300 үй жарактан чыкты

0
Жер титирөө: Тажикстанда 300 үй жарактан чыкты

Тажикстанда 23-мартка караган түнү болгон жер титирөөдөн Согд облусунун Тоолуу Матча районунда ондогон турак үй жана айыл-чарба курулуштары зыян тартты.

Адамдар көчөгө качып чыгышты

Күчү 5,9 баллга жеткен силкинүү саат 1.07де болгонун Европа-Жер ортолук деңиз сейсмологиялык борбору жана Тажикстандын Илимдер академиясынын сейсмология институту билдиришти.

Кээ бир айылдардын тургундары түнү бою сыртта отурууга аргасыз болгонун, мал-жандыктан айрылганын, жардам бейшемби күнү түшкө чейин да келбегенин "Озоди" радиосуна айтып беришти. Бийлик премьер-министр Кохир Расулзода жетектеген комиссия түзүлгөнүн билдирди.

Маалымат каражаттары Дүйшөмбүдөгү көп кабаттуу турак жайлардын тургундары жер силкингенде шашып көчөгө чыгышканын жазышты.

Жер силкинүүнүн очогу Кожент шаарынан 96 километр алыс жерде болгон. Ал жакта силкинүүнүн күчу Рихтер өлчөмү боюнча 5,9 баллга, башкалаа Дүйшөмбүдө 4 баллга жетти.

"Озоди" радиосуна Палдорак айылынын тургундары жөнөткөн видеодо көптөгөн үйлөр жарым-жартылай талкаланып, айрым дубалдарга жарака кеткенин көрүүгө болот.

Палдорак айылынын башчыларынын бири Ражабмахмад Бадалов жер титирөөдөн 300 үй жарактан чыгып, 100дөн ашуун мал өлгөнүн билдирди. Анын айтымында, тургундардын көбү мектеп жана фельдшердик-акушердик пункттун имараттарына жайгашышты. Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын жергиликтүү бөлүмүнүн кызматкери зыянды кесепети эсептелип жатканын айтты. ​

Тажикстандагы жер титирөөнүн күчү Кыргызстан менен Өзбекстанда да сезилди.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан маалыматка караганда, силкинүүнүн күчү Баткен облусунун Сүлүктү, Раззаков шаарларында 5 балл, Баткен шаарында 4 баллга чейин сезилди. Сейсмология институту 23-марттагы жер титирөө Бишкек убактысы менен саат 02:07де болгонун маалымдады.

Өзбек өкмөтү жалган маалыматка ишенбөөгө чакырды

Өзбекстанда "жакын арада катуу жер титирөө болот экен" деген имиш тарады. Бул өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги социалдык тармактардагы мындай маалыматтар фейк экенин айтып, Өзбекстандын элин жалган маалыматка ишенбөөгө чакырды.

"Бүгүнкү күндө дүйнөнүн бир дагы өлкөсүндө жер титирөөнүн датасын, ал тургай болжолдуу убактысын айтып бере турган технология жок", — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Муну менен катар министрлик Өзбекстан сейсмикалык активдүү зонада жайгашканын, кээде жер титирөө болуп турарын кошумчалады.

21-марттын кечинде Пакистан менен Ооганстанда 6,5 баллдык жер титирөөдөн кеминде 13 киши каза болуп, 90дон ашууну жараат алды. Reuters агенттиги өкмөт өкүлдөрүнө таянып Пакистандын түндүк-батышында кеминде тогуз киши каза таап, 44ү жараат алганын жазды. Ооганстанда бери дегенде төрт адам өлүп, 50дөйү жараат алганын "Талибан" өкмөтүнүн Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү маалымдады.

Эки өлкөдө бир канча турак жай жана имараттар да зыян тарткан.

Февралдын башында Түркия менен Сирияда он миңдеген кишинин өмүрүн алып, шаар-кыштактар талкаланган зилзаладан кийин көпчүлүк өлкөлөрдө коопсуздук маселесин күн тартибине чыгарган.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун курулуп жаткан жана жаңы курулган кабат үйлөрдүн сейсмикалык коопсуздугу төрт ай ичинде текшерилип чыгары жана жараксызы аныкталса, бузуларын билдирген.

Кыргызстандын тарыхындагы адам өмүрү кыйылган эң катуу зилзала 1911-жылы Кеминде болгон. Күчү 10-11 баллга жеткен зилзалада 500 жүздөн ашуун адам каза болгон. 2008-жылы октябрда Алайдын Нура айылында сегиз балга жеткен жер титирөө 75 адамдын өмүрүн алган.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *