Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

ЖМК мыйзамы: жаңы варианттагы кооптондурган жоболор

0
ЖМК мыйзамы: жаңы варианттагы кооптондурган жоболор

Президенттин администрациясы “Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө мыйзам долбоорунун төртүнчү вариантын сунуштады.

Документти кайра иштеп чыгуу үчүн былтыр жыл аягында президент Садыр Жапаров түзгөн жумушчу топ ушул күнгө чейин мунасага келе элек.

Жумушчу топко кирген эркин медиалардын өкүлдөрү, юристтер принципиалдуу маселелер боюнча берген сунуштары кабыл алынбай жатканын айтышууда.

ЖМК мыйзамынын жаңы эрежелери

Президенттин администрациясы сунуштаган “Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө мыйзам долбоорунун төртүнчү варианты 57 беренеден турат.

Анда Кыргызстанда медиа мекемелердин иштөө тартиби, маалыматты топтоо жана аны таратуунун жол-жоболору жазылган.

Документте үзгүлтүксүз чыгып турган мезгилдүү басылмалар, телеканалдар менен радио, веб-сайттар, маалымат агенттиктери жана маалыматты чогултуу аны таратуу менен алектенгендер жалпыга маалымдоо каражаты деп эсептелинери жазылган.

Кыргызстандын жараны, мамлекеттик мекемелер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жактар жалпыга маалымдоо каражаттарын ача алат.

18ге чыга элек жаран, өлкөдө ишмердүүлүгүнө тыюу салынган адамдар жана юридикалык мекемелер, ошондой эле чет өлкөнүн жараны же жарандыгы жок адамдар Кыргызстанда ЖМК ачып иштете албайт.

Мыйзам долбоорунун 16-беренесинде жалпыга маалымдоо каражаты мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин гана ишин баштай турганы жазылган. Ошондой эле веб-сайттар Юстиция министрлигинен милдеттүү түрдө ЖМК катары катталууга тийиш деген талап коюлган. Ушул сунуш талаш жаратууда.

Сайттарды санаага салган берене

“Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү, Bulak.kg сайтынын редактору Семетей Аманбеков президенттин администрациясы алардын сунуштарын кабыл албай жатканын айтууда.

“Президенттин администрациясы анчалык маанилүү эмес айрым гана сунуштарды кабыл алып, негизги талаптардын бирин да караган жок. Анын ичинде веб-сайттар милдеттүү түрдө каттоодон өтүшү керек деген талап бар. Мисалы, мыйзам кабыл алынса 24.kg, Кaktus.media, kloop.kg баштаган сайттар, андан тышкары жарнама менен иштеген Lalafo, Diesel сайттары да ЖМК катары каттоодон өтүшү керек болот. Мыйзам долбоорунун 90% Орусиянын мыйзамдарынан көчүрүлгөн. Бирок Орусияда да күчкө салып каттаттуу боюнча талап жок. Кааласаң, ЖМК катары катталасың же катталбай койсоң да болот. Биз каттоо маселеси өз эрки менен болсун деген сунушту бердик. Бирок аны кабыл алышкан жок. Эми мыйзам долбоору кабыл алынса, бийликке жакпаган сайттар каттоодон өтпөй калышы мүмкүн”.

Жалпыга маалымдоо каражаты Юстиция министрлигинен каттоодон өткөндөн кийин гана иштей алат. Ал үчүн мекемеге ЖМКнын аталышы, дареги, кайсы тилде иш алып барары, маалымат кайсы аймакка багытталганы жана кайсы тематикада болору, ким каржылай турганы боюнча маалымат берилиши керек.

Эгерде арызда көрсөтүлгөн маалыматтар чындыкка дал келбесе, Юстиция министрлиги каттоодон баш тартып коюуга укугу бар.

Юстиция министрлиги каттоо күбөлүгү алдамчылык жол менен алынса, ЖМК үч айдан ашык эфирге чыкпаса, редакциянын уставы ЖМК иштеп баштаган (эфирге чыккан) күндөн тартып эки айдын ичинде кабыл алынбаса жана ЖМК кайра каттоодон өтсө мамлекеттик каттоо күбөлүгүн жараксыз деп табат.

“Биз үчүн эң принципиалдуу маселе – бул каттоого байланыштуу берене. Эгерде бул берене өзгөртүлбөсө мыйзам долбоорун колдобойбуз. Буга чейинки вариантында “бардык ЖМКлар кайра каттоодон өтсүн” деген талап бар болчу. Ал алынды. Бирок кайра каттоо тууралуу түз жазылбаганы менен “ЖМК мамлекеттен каттоодон өткөндөн кийин гана ишмердик жүргүзө алат” дегендей кыйыр жазылып турат”, - деди Журналисттер коомдук бирикмесинин төрагасы Нурдин Дүйшөнбеков.

Долбоордун баштапкы вариантында 2023-жылдын 1-июнуна чейин кайра каттоодон өтпөгөн ЖМК жабылары жазылган. Серепчилер муну бийликке жакпаган маалымат каражаттарын жабуу аракети деп баалашкан. Азыркы долбоордо мындай норма ачык жазылбаса да, ошого алып барышы мүмкүн деген кооптонуулар бар.

Ошондой эле буга чейинки вариантта социалдык түйүндүн колдонуучусу жарыялаган маалымат айына 5 миң адамга тараса, ага кошумча талаптар коюлары да жазылган. Блогер баракчасына өзүнүн сүрөтүн, аты-жөнүн жазып, телефон номуру жана электрондук дарегин көрсөтүшү керек болчу. Ошентип блогерлерге ЖМКлардай эле талаптар коюлмак. Талаш-талкуудан кийин бул алып салынган.

“ЖМКлардын тизмесин такташ керек”

“Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматтык саясат башкармалыгынын жетекчиси Салкын Сарногоева документ тууралуу мындай деди:

“Ооба, айрым сайттар “каттоодон өтпөй калышыбыз мүмкүн” деп кооптонуп жатат. Бирок Юстиция министрлиги Кыргызстанда азыр канча ЖМК иштеп жатканын ушул күнгө чейин тактай албай келатат. Ошондуктан кандай болгон күндө да ЖМКлардын тизмесин түзүп алышыбыз керек. Эгерде талап кылынган документтерди толугу менен берсе ЖМКларды каттоо же кайра каттоодо эч кандай маселе жаралбайт деп ойлойм”.

Президенттик администрация былтыр ноябрда “Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө жаңы мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Анын негиздемесинде 1992-жылы кабыл алынган мыйзам заман талабына жооп бербей калганы жазылган.

Документ коомдук талкууга чыгарылгандан кийин өлкөдөгү медиа уюмдар, журналисттер жана бир катар юристтер камтамчылыгын билдирип чыккан. “Адилет” укуктук клиникасы мыйзам долбооруна көз карандысыз экспертиза жасап, анда “адамдын өз оюн эркин билдирүү укугуна кепилдиктерди четке каккан олуттуу тобокелдиктер бар” деген бүтүм чыгарган.

Президент Садыр Жапаров документти иштеп чыгуу үчүн былтыр декабрда жумушчу топ түзүп президенттин администрациясынын укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Мурат Укушов топтун жетекчи болгон. Андан бери жумушчу топ эки эле жолу жыйынга чогулганы айтылды.

Талкуу болуп жаткан документ боюнча медиа эксперт Шаирбек Маматокторов пикири менен бөлүштү.

“Сунушталып жаткан долбоор эркин медиалардын максатын камтыган жок. Президенттин администрациясы да артка кайтпай турат. ЖМКны ооздуктоо бул эле бийликке эмес, Кыргызстанда бардык буга чейинки бийликтерге мүнөздүү көрүнүш. Бирок бул туура эмес. Дүйнө ачыктык үчүн күрөшүп жатат. Анын үстүнө биздин региондо Кыргызстанда гана эркин медиа бар эле. Президент өзү да “цензура болбойт, эркин медиага кысым жок” деп айткан. Жүзүн көрсөтпөгөн адамдар же адамдардын тобу бул мыйзамды ар кандай формада кайра-кайра алып чыгат. ЖМК боюнча азыркы мыйзамда деле “туура эмес маалымат чыгарган ЖМК аны төгүнгө чыгарууга милдеттүү” деп жазылып турат. Бирок эми аны катаалдатып, анын арты менен ЖМКны каттоодон өткөрүп, анын каттоосун алып коюу туура эмес. Бул ЖМКга басым”.

“Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндөгү азыр иштеп жаткан мыйзам Кыргызстан эгемендик алган алгачкы жылдары – 1992-жылы кабыл алынган. Президенттик администрация документ заман талабына жооп бербей калды деп эсептейт.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *