Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Өзгөндө көчкүдөн улам коопсуз жайга көчүрүлгөндөр үчүн чатырлар тигилди

0
Өзгөндө көчкүдөн улам коопсуз жайга көчүрүлгөндөр үчүн чатырлар тигилди

Өзгөн районунда жер көчкүдөн улам коопсуз жайга көчүрүлгөн тургундарга 18 чатыр тигилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы кабарлады.

Чатырлар кооптуу жерден 2 чакырымдан ашык алыс аралыкта жайгашып, тургундар таза суу жана электр энергиясы менен камсыз болууда.

23-мартта Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда жер көчкүгө байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыяланып, Карл Маркс айылынын 195 тургуну Куршаб айылына көчүрүлгөн. ӨКМдин маалыматына караганда, Кызыл-Күңгөй тилкесинде 22-мартта таңга маал болжол менен 1 млн. метр куб жер көчкү түшүп, 18 турак турак жайга коркунуч пайда болгон.

Көчкү үйлөргө 300 метрдей гана жетпей калган. Жеринде көчкүнү көзөмөлдөөгө нөөмөт уюштурулган. Жер көчкү акырындан жылып, учурда турак үйлөргө 120 метр калган. Мындан улам Карл Маркс айылына биринчи даражадагы табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал жарыяланды.

2017-жылы Өзгөн районунун Зергер айыл аймагында жүргөн жер көчкү жети үйдү басып, 24 киши топурак алдында калган. Беш күн бою жүргүзүлгөн издөө, казуу иштеринде сегиз кишинин сөөгү табылган эле. (КЕ)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *