Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Бишкекте Борбор Азия боюнча IT бизнес-форуму өтүүдө

0

Бишкекте бүгүн 24-мартта Борбор Азиянын IT потенциалын көрсөтүүгө багытталган форум өтүп жатат. Күн тартибинде жасалма интеллект, блокчейн технологиялары, экспорттук потенциал жана IT жаатындагы билим берүү темаларына арналган талкуулар бар.

Форумга Кыргызстандын өкүлдөрүнөн тышкары Өзбекстандан, Казакстандан, АКШдан, Жапониядан, Түштүк Кореядан, Германиядан жана башка өлкөлөрдөн келген ири бизнес жана IT өкүлдөрү катышууда.

Уюштуруучулардын айтымында, иш-чаранын максаты - Борбор Азия чөлкөмүнүн IT жана бизнес тармагынын потенциалын дүйнөгө тааныштырып, ири компанияларды бул өлкөлөргө тартып, тааныштыруу, аймактагы адистер менен байланыштыруу.

Форумду Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын Жогорку Технологиялар Парктары (KSSDA, High Tech Park, Freedom Pay, Astana Hub, IT Park) АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен өткөрүп жатат. (NbA)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *