Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Акыйкатчы абактагы Клара Сооронкулованын саламаттыгына көңүл бурууга чакырды

0

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова укук коргоо органдарын Кемпир-Абад ишине байланыштуу тергөө абагында отурган Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулованын саламаттыгына көңүл бурууга чакырды.

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери 24-мартта Сооронкулова менен жолукканын, ал операциядан соң реабилитацияланууга муктаж болуп жатканын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Ал ошондой эле абактын шартынын начар экени боюнча да арызданган.

"Клара Сооронкулова операция болгонуна карабай тергөө абагында аны кармап жатышканына нааразылыгын билдирди. Бул жолугушунуну жыйынтыгы менен КРнын Акыйкатчысы Атыр Абдрахматова тиешелүү мамлекеттик органдарды Клара Сооронкулованын саламаттыгынын абалына көңүл бурууга жана зарыл болгон чараларды кабыл алууга чакырды”, - деп айтылат билдирүүдө.

Клара Сооронкулова 15-мартта ооруканадан кайра абакка котурулганын анын адвокаты Чынара Жакупбекова "Азаттыкка" билдирген. Анын айтымында, ооруканада Сооронкуловага операция жасалган жана дарыгерлер аны абакта кармоого болбойт деген корутунду беришкен.

Сооронкуловага 20-февралда ооруканада дарыланууга уруксат берилген.

Биринчи Май райондук соту 17-февралда анын бөгөт чарасын карап, 20-апрелге чейин камакта калтырган. Сооронкулова сотто саламаттыгына байланыштуу операцияга муктаж экенин билдирген.

Ал Кемпир-Абад ишине байланыштуу былтыр октябрда отузга жакын саясатчы, укук коргочу, активисттер менен кошо кармалган. Төрт киши үй камагында.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *