Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Март окуясынан кийинки кандуу өлүмдөр

0
Март окуясынан кийинки кандуу өлүмдөр

2005-жылдын 24-мартынан кийин Кыргызстанда буюртма адам өлтүрүүлөр көбөйгөн. Айрымдар аны Курманбек Бакиевдин кандуу режиминен көрсө, айрым эксперттер кландык жана криминалдык күрөштөрдүн натыйжасында кан көп төгүлгөн дешет.

2005-жылдын 24-мартында Аскар Акаев Кыргызстандын бийлигинен кеткенден кийин Курманбек Бакиев эки тизгин бир чылбырды колго алган. Март окуялары жарандардын коррупцияга жана үй-бүлөлүк башкарууга каршы күрөшүнүн жеңиши катары гана эмес, андан кийинки буюртма киши өлтүрүүлөрү менен да эсте калган. Өлкөдө бир катар депутаттар, коомдук ишмерлер жана атактуу адамдар киши колдуу болушту. Андай кандуу өлүмдөрдүн айрымдарынын артында кимдер турары ушул күнгө чейин табышмак.

Оппозициялык кыймылдын аракеттери, Аскар Акаевдин алгач Аксы окуясында, кийин парламенттик шайлоодо кетирген каталарынын аркасында 2005-жылдын 24-мартында борбордук аянтта чогулгандар президентти качууга аргасыз кылган.

Белгилүү укук коргоочу Азиза Абдырасулова 2005-жылдын 24-мартында чындап элдик толкундоо болгон, ага өлкөнүн баардык булуң-бурчунан бийликтен тажаган активдүү адамдар катышкан деген пикирде.

"Дайыма эки нерсеге токтолгум келет. 2010-жылдагы Апрель окуяларына, 2020-жылдагы Октябрь окуяларына караганда 24-мартта өтө чоң толкундоолор Кыргызстандын баардык аймактарын камтыган. 24-мартта бир күндө эле болуп калган эмес, 24-марттын башталышы 2000-жылдардан Аскар Акаев үчүнчү мөөнөткө баргандан, ага байланыштуу көп күндүк митинг, пикеттерден, андан кийинки Аксы окуясынан башталган. Эгер Акаев үчүнчү мөөнөткө баруудан баш тартканда балким Аксы окуясы дагы, балким 24-марттагы окуя да болмок эмес, балким биз укуктук талаадан минтип кайра-кайра чыгып кетпейт болчубуз. Бул ойго ушул күнгө чейин көзүм жетет, майрам катары эч кимди куттуктабайм. Себеби 24-мартта канчалаган ишкерлер жапа чекти, дүкөндөрү, товарлары талкаланып, өрттөлдү, канчалаган милиция кызматкерлери токмоктолду...Мен булардын баарын көргөм. Биз ошол убактагы оппозиция өкүлдөрүнө ишенген экенбиз. Бирок биз 24-марттын жемиштерин уурдаттык".

Жарандык активист Мавлян Аскарбеков ошол 2005-жылдын Март окуяларынан кийин жаштык куракта бир катар курбалдаштары менен жаңы келген бийликтен үмүтү чоң болгонун, тилекке каршы, эч нерсе өзгөрбөгөнүнөн мигрант катары чет мамлекетке кетүүгө аргасыз болгонун кеп салды.

"Бир эле Аскар Акаевдин үй-бүлөсү кетти, калганы өзгөрбөдү: баягы эле адамдар, баягы эле шайлоо системасы, баягы эле мамлекетти талкалоо аракеттери болуп, биздин үмүтүбүзгө сууп себилди. Ошол себептен 2005-жылдын аягында мен биздин мамлекетти таштап, мигрант болууга аргасыз болгом. Бакиевдердин үй-бүлөлүк, кландык, бандиттик башкаруусу беш жылдын ичинде Акаевдер 15 жылда кылбаган кылмыштарды жасап, канга боёлгон, канга чыланган, мыкаачы режимди орнотту. Адамды тирүүлөй өрттөгөн, тирүүлөй 6-7-кабаттан ыргытып жиберүү, адамдын кулагын кесип бирөөгө жиберүү, журналисттерди, активисттерди башка чаап кетүү, өлтүрүп кетүү, ошол эле Эдил Байсаловду да башка чаап кетишкен, Павлюкту өлтүрүштү. Ушундай өтө мыкаачы башкаруу системасы болгон. Мен дагы кайдыгер эмес жаран катары бул кандуу режимди кулатууга 7-апрелде катышып, салымыбызды кошконбуз".

Аскар Акаев Москвага кетүүгө аргасыз болгондон кийин анын ордуна мурдагы премьер-министр Курманбек Бакиев кызматка келген. Ошол учурда Март окуясынын шарданы менен абактан чыккан Феликс Куловдун дагы Бакиев менен катар эле мамлекет башчысы болууга мүмкүнчүлүгү жогору деп саналып турган. Акыры алар тандем түзүп, президенттик шайлоого чогуу барышкан.

Ошол эле маалда парламентте да, коомчулукта да Курманбек Бакиевден чечкиндүү реформаларды, анын ичинде конституциялык реформаны талап кылган күчтөрдүн нааразычылыгы курчуган. 2006-жылдын апрель, май айларында, андан кийин ноябрда көп адам катышкан митингдер болуп өттү.

Андай нааразычылык акциялары 2007-жылы да тынчыган эмес, акыры президент Курманбек Бакиев өз укуктары кыскарган варианттагы Конституцияны кабыл алууга аргасыз болгон, бирок, көп өтпөй ошол эле жылдын декабрында өз бийлигин чексиз чыңдаган Баш мыйзамдын вариантын кайрадан кабыл алдырган.

Саясат таануучу Марс Сариев 2005-жылдын 24-мартындагы жана 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуяларды төңкөрүш катары баалай турганын айтты. Анын пикиринде байлык топтогон кландар ортосундагы кармаштар акыры барып келип буюртма адам өлтүрүүлөрдүн көбөйүшүнө алып келген.

"Акыркы революциядан башкалары төңкөрүш болгон. Кыргыз эли чындыгында эле революция жасайлы, өзгөртөлү дешкен. Бирок ар кандай кландар, бийликте турган мурдагы партократтар бийлик аркылуу байып кетип, өз тар кызыкчылыктарын көздөшкөн. Ошолор ал элдик толкундоолорду пайдаланып кетишкен. Алар чоң мамлекеттер менен дайыма байланышта болуп турушкан, эки президенттин качып барып баш калкалаган жерлерин эле карасаңар – бири Минскиде, бири Москвада отурат. Акыркы Октябрь окуяларын революция деп айтсак болот, анткени азыркы бийлик чындап элге иштей баштады. Ал эми мурда кландардын оюну эле болуп келген – түндүк-түштүк жана башка топтор. Ошол үчүн өлүм көп болуп, Үсөн Кудайбергенов баш болгон ишмерлерди атып кетишкен".

Курманбек Бакиев башкарган 5 жыл өлкө тарыхында эң кандуу доор катары эсте калды. Депутаттар Баяман Эркинбаев, Жыргалбек Сурабалдиев, Руслан Шаботоев, Санжар Кадыралиев, Тынычбек Акматбаев, президенттик администрациянын мурдагы башчысы Медет Садыркулов, Стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору Сергей Слепченко, каскадер Үсөн Кудайбергенов, спортчу Раатбек Санатбаев, кылмыш чөйрөсүнүн төбөлү Рысбек Акматбаев, ишкер Абдалим Жунусов, Бактияр Жээнбеков, журналисттер Геннадий Павлюк, Алишер Саипов жана башкалар буюртма кандуу тапшырманын курмандыктары болушкан.

2005-жылдын мартынан 2010-жылдын апрелине чейин баш-аягы 30дан ашуун киши өлтүрүүлөр катталган жана алардын көбүнүн бети ачылган эмес.

Үсөн Кудайбергенов

24-марттан кийин киши колдуу болуп өлтүрүлгөндөрдүн биринчиси белгилүү каскадёр, коомдук ишмер Үсөн Кудайбергенов болду.

Каскадерлер ассоциациясынын президенти, "Эл адилет" кошуунунун төрагасы Үсөн Кудайбергенов 10-апрелде кечки саат 9дар чамасында белгисиз бирөөлөр тарабынан атып өлтүрүлгөн.

Элдик кошуундун өкүлү Жолдошбек Сулаймановдун айтымында, элдик кошуун мамлекеттик стратегиялык объектилерди жана элдик мүлктү сактоо максатында 24-мартта түзүлүп, өлкөдөгү туруктуулукту камсыздоо максатында иш жүргүзүп келген. Сулайманов Үсөн Кудайбергеновдун өлүмү саясий мүнөзгө ээ деп сыпаттаган.

Кудайбергенов өлгөн жерде Макаров жана ТТ үлгүсүндөгү тапанчалардын гильзалары калган. Кудайбергенов "Манас 1000" мааракесин уюштурууда "кызматынан кыянаттык менен пайдаланды" деген айып менен түрмөгө кесилген. Жазасын өтөгөндөн кийин ал 2004-жылы абактан чыккан. Ал Феликс Куловдун эң жакын адамдарынын бири катары эсептелген.

Жыргалбек Сурабалдиев

52 жаштагы Жыргалбек Сурабалдиевди 2005-жылдын 10-июнунда Бишкектин Тыныстанов көчөсүндө таламандын так түшүндө атып кетишкен. Ал өлкөгө таанымал ишкер жана парламенттин депутаты катары белгилүү болчу.

Маркумдун кызы Эльвира Сурабалдиева азыркы тапта Жогорку Кеңештин депутаты.

Медет Садыркулов

Медет Садыркулов Бакиевдин президенттик администрациясынын башчысы болуп иштеген. 2009-жылдын январында кызматтан кетип, 13-мартта табышмактуу жагдайда каза болгон.

Ошол кездеги тергөөнүн версиясы боюнча, Садыркулов, саясат таануучу Сергей Слепченко, шоопуру Кубат Сулайманов отуруп бараткан “Лексус” машинасы “Ауди” менен сүзүшүп, күйүп кеткен. Бул үчүн “Аудинин” айдоочусу 12 жылга жатак абакка кесилген. Көп өтпөй, 2010-жылы Бакиевдердин бийлиги кулагандан кийин ал айдоочуну бычактап өлтүрүп кетишкен.

Чүйдүн Аламүдүн райондук соту 2022-жылдын 18-ноябрында Медет Садыркуловдун өлүмүнө айыпталып жаткан Санжар Сапарбековду 14 жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүм чыгарды. Ал өзү акыркы сөзүн сүйлөп, күнөөлүү экенин тастыктаган далилдер жоктугун, эч ким ага каршы көрсөтмө бербегенин белгиледи.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максимдин жакын досторунун бири деп айтылып, 2011-жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөн Санжар Сапарбеков 2021-жылы ноябрда кармалган. Тергөөнүн версиясында айтылгандай, кикбоксинг боюнча чемпион Сапарбеков Садыркуловду бетке уруп, эсинен тандыргандан кийин аны муунтуп өлтүргөн.

Садыркуловдун өлүмү 2010-жылдагы ыңкылаптан кийин кайра иликтене баштаган. Экинчи тергөөнүн версиясы боюнча, Садыркулов Курманбек Бакиевдин иниси, ошол кезде Мамлекеттик күзөт кызматын жетектеп турган Жаныш Бакиев менен начар мамиледе болгон жана күчтүү уюштургуч экенин жакшы билген Бакиевдер анын көзүн тазалоого барган.

2012-жылдын ноябрында Аскер сотунун чечими менен бул үчүн беш адам 5-18 жылга эркинен ажыратылган. Алардын арасында Мамлекеттик күзөт кызматынын үч кызматкери, “кылмыштуу топтун” мүчөсү деген бир киши жана Чек ара кызматынын мурдагы жетекчиси болгон.

Санжар Кадыралиев

2009-жылы 14-апрелде "Ак Жол" партиясынын депутаты Санжар Кадыралиев Бишкектин Ибраимов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги өз үйүнүн жанында атылып, каза тапкан.

Тергөөнүн жыйынтыгы менен анын өлүмүнө Алтынбек Итибаев айыптуу деп табылган. 2015-жылы ал бир нече адам менен камактан качкан маалда милициянын огунан каза болгон.

Баяман Эркинбаев

Жогорку Кеңештин депутаты, Улуттук олимпиада комитетинин мурдагы жетекчиси Баяман Эркинбаев 38 жаш курагында 2005-жылдын 21-апрелинде Бишкекте киши колдуу болгон.

Эркинбаевдин өмүрлүк жары Чолпон Султанбекова азыркы тапта Жогорку Кеңештин депутаты .

Рысбек жана Тынычбек Акматбаевдер

Жогорку Кеңештин үчүнчү чакырылышынын депутаты Тынычбек Акматбаев 2005-жылы 20-октябрда абакка барган маалда кылмышкерлер тарабынан өлтүрүлгөн.

Рыспек Акматбаев анын өлүмүнө ошол кездеги бийликтеги адамдарды күнөөлөгөн.

Рыспек Акматбаев дагы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгон жана ага мандат бериле электе Бишкектин четинде киши колдуу болгон.

Руслан Шабатоев

2008-жылы 30-сентябрда Жогорку Кеңештин 34 жаштагы депутаты Руслан Шаботоев белгисиз адамдар тарабынан уурдалган. Анын сөөгү бир жылдан кийин Байтик айылынын жанынан табылган.

Милициянын версиясы боюнча уюшкан кылмыштуу топтун анабашы Жумабек Закирбаев Шаботоевди уурдоого катышкан жана аны Казакстандан келген кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен жолуктурган.

Раатбек Санатбаев

Грек-рим күрөшү боюнча Азиянын 2 жолку чемпиону, Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан белгилүү спортчу Раатбек Санатбаев 2006-жылы 8-январда Бишкекте кимдир бирөөнүн буйрутмасы менен өлтүрүлгөн.

Атактуу балбандын өлүмү боюнча ар кыл пикирлер айтылган. Айрым эксперттер анын өлүмү бизнеске байланыштуу деген жоромолдорду айтса, экинчилери спортчунун өлүмүн саясат менен байлаган.

Геннадий Павлюк

Кыргызстандык оппозициячыл журналист Геннадий Павлюк 2009-жылы 16-декабрда Алматыдагы көп кабат үйдүн алдынан эс-учун жоготуп, колу-буту байланган абалда табылган. Ал эсине келбей, Алматынын ооруканасында көз жумган.

Буга байланыштуу Казакстанда корей тектүү Алексей Ким, мурда ысымын Алдаяр Исманкулов деп өзгөрткөн Кыргызстандын атайын кызматына тиешеси бар адам кармалган. Бул кылмышты уюштурууга айыпталган Алдаяр Исманкуловду Казакстандын соту 2011-жылы 17 жылга кесип, бирок ал калган жаза мөөнөтүн Кыргызстанда улантуу үчүн №27 колонияга которулган.

Геннадий Павлюкту мыкаачылык менен жок кылуу ошол кезде Бакиев режиминин буюртма киши өлтүрүүлөрдүн логикалык уландысы катары бааланган. Исманкулов менен бирге Казакстандын жарандары Шалкар Оразалин 11, ал эми Алмаз Игиликов 10 жылга соттолгон. Геннадий Павлюк орусиялык "Аргументы и факты" жана "Комсомольская правда" гезиттеринин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн ар кайсы мезгилде жетектеген. Ал “Белый пароход” агенттигин негиздеп, “Ибрагим Рустамбек” деген каймана ат менен макалаларды жазып жүргөн.

Бактияр Амражанов (Жээнбеков)

Жогорку Кеңештеги СДПК фракциясынын депутаты Жусупжан Жээнбековдун 34 жаштагы баласы Бактияр Амражанов 2008-жылы 24-сентябрда белгисиз адамдар тарабынан уурдалган. Жусупжан Жээнбековдун ошондон кийин “Азаттыкка” берген маалыматы боюнча, ал президент Курманбек Бакиевдин жеке кабыл алуусунда болуп, уулунун белгисиз адамдар тарабынан уурдалганын маалымдаган.

Бакиев бул ишти Улуттук коопсуздук кызматына тапшырып, өзү көзөмөлгө аларын айткан. Жээнбековдун маалыматына караганда, 24-сентябрда Бактияр Амражанов эртең менен саат 7:45 уулу Тумарды 4-кичи райондогу №133 бала-бакчага жеткирип барган. Ал бала-бакчадан чыгып келатканда аны күтүп турган төрт бала жабылып, аны автунаага тапанча такап салып кетишкен.

“Уулум Бактияр кылмыш дүйнөсү менен эч бир байланышы жок. Карта же казино оюнун ойногон эмес”,-деген Жусупжан Жээнбеков.

Бул тизмеге 2005-жылдын 24-мартынан 2010-жылдын 10-апрелине чейин киши колдуу болгон айрым адамдар гана кирди.







Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)

В РМАТ ПРОШЕЛ I БИЗНЕС-ФОРУМ ВЫПУСКНИКОВ РМАТ 1999-2023 ГОДА ВЫПУСКА, ПОСВЯЩЕННЫЙ 55-ЛЕТНЕМУ ЮБИЛЕЮ АКАДЕМИИ

"Возрождение интереса к народному искусству и ремеслам в современном мире"

Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)


Осторожно ВПЧ! Доктор Кутушов рассказал от чего появляются папилломы на теле

Модернизация контейнерных площадок продолжается в Реутове

Щитовидная железа - что это? Где находится? Какие заболевания вызывает?

Светлые оттенки весенней моды: стильные идеи для женщин в возрасте


LIV Golf’s Sergio Garcia misses out on U.S. Open spot, but still has chance to play

AML check crypto

Precision in Motion: Exploring Baltic Bearing Company-Riga

UFC plans to be ‘flexible’ in next broadcast rights deal, including potential end to traditional PPV


Работники АО "ДиМ" приняли участие во всероссийском полумарафоне

MONT расширил продуктовую линейку ИБ-решений при поддержке «Сайберпик»

Черёмуховая сказка Холмогорья

АО «ДиМ» демонтировало 40% старого путепровода над железнодорожными путями


Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)

Five new Steam games you probably missed (May 20, 2024)

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)

Sea War: Raid 1.131.0


Estischool - Школа за британською програмою


Lipatov Sound заявил о выходе нового трека “Red City”

В Москве произошла драка с участием 15 человек, двое в больнице

«СВЯТОЙ ЛЕНИН» УЛУЧШАЕТ ЗАКОНЫ, управляет патентами и улучшает командное планирование в целях учёта интереса всего народа.

V Общероссийская конференция «Устойчивое развитие этнокультурного сектора» представит калейдоскоп успешных практик в сфере социального проектирования


Производство инновационных биотехнологических лекарств появится в Москве

Что там в IT: ИИ-отрыв Google, ChatGPT почти человек, отечественный BIOS

Baza: мужчина судится с подмосковной клиникой из-за слишком быстрой эякуляции

«СВЯТОЙ ЛЕНИН» УЛУЧШАЕТ ЗАКОНЫ, управляет патентами и улучшает командное планирование в целях учёта интереса всего народа.


Ответ на изъятие средств РФ в ЕС, признание Палестины, обновление границы в Балтийском море. О чем говорил Песков

Вдова актера Пуговкина Ирина Пуговкина-Лаврова умерла на 82-м году жизни

Битва за никаб

Экономика Коломны показала стабильный результат в первом квартале 2024 г


Рахимова прошла во второй круг турнира WTA в Рабате на отказе Таунсенд

Новаку Джоковичу исполнилось 37 лет в Швейцарии | Виды спорта

Экс‑теннисистка Джорджи обвиняется в краже мебели и ковров на €100 тысяч — СМИ

Арина Соболенко сняла траур по Кольцову и завела новые романтические отношения


В МИД назвали сообщение США о российском противоспутниковом аппарате вбросом

Экономика Коломны показала стабильный результат в первом квартале 2024 г

Вдова актера Пуговкина Ирина Пуговкина-Лаврова умерла на 82-м году жизни

Программу обучения помощников машинистов запустят в колледже «Подмосковье»


Музыкальные новости

На Улан-Удэнском ЛВРЗ прошел конкурс «Лучший по профессии 2024»

Карди Би все-таки выпустит альбом в 2024 году

Сергунина: в Москве появилась собственная платформа по разработке моделей ИИ

Выездной Фотограф для всех желающих, ну и конечно Артистов и Музыкантов.


Lipatov Sound заявил о выходе нового трека “Red City”

«СВЯТОЙ ЛЕНИН» УЛУЧШАЕТ ЗАКОНЫ, управляет патентами и улучшает командное планирование в целях учёта интереса всего народа.

МегаФон расширяет продажи в 10 регионах России

V Общероссийская конференция «Устойчивое развитие этнокультурного сектора» представит калейдоскоп успешных практик в сфере социального проектирования


Футбол Беларуси. Минское «Динамо» сразилось с «Шахтером» из Солигорска

«Просто не афиширую»: куда пропала Волочкова с театральной сцены

Лидер движения и партии «Всеармянский фронт» Аршак Карапетян 20 мая 2024 года посетил посольство Исламской Республики Иран в Москве

Белоусов собирает новую команду в Минобороны: Ждать ли возвращения Суровикина?


В Воскресенске сотрудники Росгвардии задержали подозреваемого в умышленном повреждении чужого автомобиля

Работу наземного транспорта в семи округах Москвы скорректируют 23 и 25 мая

В Башкирии во время ремонтных работ водителя грузовика придавило кузовом

Источник 360.ru: на Ленинградском шоссе в САО Москвы случилось ДТП с 8 машинами


Король Бахрейна прибудет 22 мая с визитом в Москву

Король Бахрейна летит в Москву на переговоры с Путиным

В Бахрейне назвали цель официального визита короля в Россию

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о качественном росте отечественного автомобилестроения


Заболеваемость COVID-19 в России выросла почти на 14,7 процента за неделю

Немоляева находится в тяжёлом состоянии под наблюдением врачей

Коронавирус FLiRT выявили в России

Шизофрения и болезнь Альцгеймера: симптомом какой болезни может стать потеря обоняния



Нейросети помогли московским врачам поставить уже 14 миллионов диагнозов

Онколог Анастасия Марьенко объяснила, кто подвержен риску развития меланомы

Новое отделение вызовов врачей на дом открылось в МОЦОМД в Люберцах

В Москве произошла драка с участием 15 человек, двое в больнице


Зеленский объяснил, почему не хочет приглашать РФ на «саммит мира»


«Шушумагия» и «Команда МАТЧ» – в топ-25 мультсериалов на «Кинопоиске»

Бонгонда: стадион и база «Спартака» — мои любимые места в Москве

Сотрудница ОМОН "Оплот" приняла участие в костромском забеге «Галичское Заозерье»

Сергей Собянин подвел итоги Московской олимпиады школьников


Запись от имени Президента Беларуси сделана в книге соболезнований в посольстве Ирана


Сергей Собянин. Главное за день

Сергей Собянин: Колледжи проведут Дни открытых дверей

Сергей Собянин принял решение о расширении мер поддержки промпредприятий

Собянин рассказал о Международном форуме инноваций БРИКС


АО «Транснефть – Дружба» провело экологические акции

Сергей Собянин. Главное за день

Станислав Кондрашов Telf AG: Китай стремиться к экологически чистому производству

Более 600 деревьев высадили в дендропарке Ногинска


В МИД предупредили россиян о рисках во время Олимпийских игр в Париже

Ответ на изъятие средств РФ в ЕС, признание Палестины, обновление границы в Балтийском море. О чем говорил Песков

Экономика Коломны показала стабильный результат в первом квартале 2024 г

Битва за никаб


Архангельск впервые принял Всероссийские соревнования по танцевальному спорту

Истории жителей Поморья представили в семейном мюзикле в Архангельске

«Северная красота» пусков Плесецка

Терминал сбора данных (ТСД) промышленного класса SAOTRON RT42G


Театр и Культура, Россия и Дети: 15 мая театр кукол Ульгэр представил спектакль «Мүнгэн мүшэдүүд» в стенах Художественного музея для первых классов гимназии №29 Улан-Удэ

«Дефицитный продукт». В Севастополе малогабаритки стали дороже, Симферополь продемонстировал падение стоимости квадрата

Литературный монолог «По праву памяти», к 105-й годовщине со дня рождения А.С. Крупнякова, советского и российского писателя.

Премию Фета получил поэт из Югры


«Россети Московский регион» оштрафовали за нарушение в Ленинском округе

Департамент IT Москвы открыл два новых сервиса

Экономика Коломны показала стабильный результат в первом квартале 2024 г

В Чехове проходит комплексная реконструкция музея-заповедника «Мелихово»














СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *