Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Күн жана шамал станциялары үчүн жеңилдетилген шартта жер берилет

0
Күн жана шамал станциялары үчүн жеңилдетилген шартта жер берилет

Президент Садыр Жапаров “Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу үчүн багытталган жерлерди берүү маселелери жөнүндө” жарлыкка кол койду.

Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады.

Анда күн, шамал жана башка энергиянын кайра жаралуучу булактарын өркүндөтүү үчүн бул багыттагы станцияларды курууга жеңилдик түзүү каралган.

Министрлер кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондуна белгиленген тартипте тиешелүү станцияларды курууга жарактуу жерлерди мөөнөтсүз (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) пайдаланууга бере баштайт.

Мындан сырткары Энергетика министрлиги, Айыл чарба министрлиги, Жаратылыш ресурстары, Экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте бир айлык мөөнөттө энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу үчүн жер участокторун берүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн тартибин (“бирдиктүү терезе” механизми) аныктаган ченемдик укуктук актыны иштеп чыгат.

Президенттин сайтында жазылган маалыматта, өлкөдө энергетикалык ресурстарды натыйжалуу пайдалануу жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын (ЭКБ) пайдаланууга өтүү маселеси курч турганы белгиленет.

Казылып алынган отундун түрлөрү (көмүр, мунай, жаратылыш газы) күйүү учурунда атмосферага парниктик таасирдин өсүшүнө жана глобалдык ысып кетүүгө өбөлгө түзүүчү көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарат. Ал эми күн, шамал жана энергиянын башка булактары кирген ЭКБ экологиялык жактан таза. Алар иштеген учурда дээрлик калдыктар жок, атмосферага же көлмөлөргө булгоочу заттар чыкпайт, мындан башка күйүүчү алынуучу отунду казып алуу, кайра иштетүү жана ташуу менен байланышкан экологиялык чыгымдар жок.

Буга чейинки маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда 71 кайра жаралуучу энергия булактарынын субъекттерине күбөлүк берилген. Аларга 68 кичи ГЭС, бир күн станциясы, бир шамал мачтасы жана бир сүзүүчү фото-электростанциясы кирет.

Кыргызстандын бийлиги энергетикалык каатчылыктан биротоло чыгуу үчүн өлкөдө жүздөн ашуун чакан гидро электр станцияларын жана күн менен шамалдан энергия алган станцияларды курууну пландаштырып жатат. (ErN)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *