Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Башка өлкөдө катталган автоунааларга милдеттүү камсыздандыруу полиси киргизилди

0
Башка өлкөдө катталган автоунааларга  милдеттүү камсыздандыруу полиси киргизилди

Ушул жылдын 1-апрелинен тартып мамлекеттик органдар жана юридикалык жактарга катталган автоунааларга милдеттүү камсыздандыруу полиси (ОСАГО) киргизилет. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, башка өлкөдө катталган машинелер дагы 1-апрелден тартып милдеттүү камсыздандыруудан өтүшү керек. Ал эми жөнөкөй айдоочулар 2024-жылдын 1-январынан тартып автоунааларын милдеттүү камсыздандыруудан өткөрүшү зарыл.

Жол коопсуздугун караган инспекторлорго милдеттүү көрсөтүлө турган документтердин тизмесине камсыздандыруу полиси дагы кошулду.

Кыргызстанда автоунаа боюнча милдеттүү түрдө камсыздандыруу эрежесин киргизүү аракети бир нече жылдан бери көрүлүп келет. Быйылтан баштап тийиштүү мыйзам күчүнө кирмек. Бирок, Министрлер кабинети милдеттүү камсыздандыруудан өткөрбөгөн айдоочуларга айып салуунун мөөнөтү жылдырылаарын кабарлаган. Полис албаган катардагы айдоочуларга 3 миң сом, мекемелерге 13 миң сом айып пул салынмак.

Бийлик бул автокырсыкка учурап, жабыркаган тарап тарткан зыяндын ордун толтурууга, машине ээлеринин кызыкчылыктарын коргоого керек экенин айтууда.

Мамлекеттик каржылык көзөмөл мекемеси камсыздандыруу полисинин баштапкы баасы 1680 сом экенин, машиненин түрүнө, айдоочунун жаш курагы менен тажрыйбасына жана ал жол кырсыктарына канчалык көп учурай турганына жараша өзгөрүп турарын билдирген. (TSh)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *