Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Сузакта өз кызын зордуктоого шектелген киши кармалды

0
Сузакта өз кызын зордуктоого шектелген киши кармалды

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 43 жаштагы тургуну 19 жаштагы кызын зордуктоого шек саналып убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Сузак райондук милициясы билдирүү таратты.

"Сузак райондук ички иштер бөлүмүнө 2004-жылы төрөлгөн кыз арыз менен кайрылып, 2022-жылы сентябрда өз үйүндө аны атасы зордуктап койгонун билдирген. Бул факт Жазык кодексинин 154-беренеси ("Зордуктоо") менен катталып, кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды", - деп айтылат билдирүүдө. Ушул тапта тергөө уланууда. 

Азырынча айыпталган тарап эч кандай комментарий бере элек.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 2022-жылы Кыргызстанда зордуктоого кабылган жашы жете элек балдарга байланыштуу 52 кылмыш иши козголгон, алардын бирөө тараптар элдешип алганы үчүн кыскарган, үч иш кылмыш жасаган адам аныкталбаганына байланыштуу токтоп турат, 34ү сотко кеткен, тогузу тергелип жатат.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, 2021-жылы балдарга карай 3034 кылмыш иши катталган, анын 500гө жакыны сексуалдык зомбулукка байланыштуу экени белгиленет. (TB/BCh)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *