Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Түркия: Кыргызстандын боз үйлөрүндө кийим тигүү ийримдери ачылды

0
Түркия: Кыргызстандын боз үйлөрүндө  кийим тигүү ийримдери ачылды

Түркиянын билим берүү министри Махмут Өзер Кахраманмараш аймагында зилзалада жабыркагандар үчүн тигилген боз үйлөрдө кийим тигүү ийрими жана цехи ачылганын Твиттерге жазды.

Ал жарыялаган тасмада ийримдин мугалимдери чатырда убактылуу баш калкалаган кыз-келиндерге кийим-кечек тигүүнү үйрөтүп жатканы тартылган. 

"Кыргыз боордоштордон келген боз үйлөрдө атайын ийрим ачып, анда күнүмдүк керектелүүчү кийим-кечектерди тигүүнү үйрөтүп атабыз", - деген мугалимдердин бири Филиз Теке.

Буга чейин Стамбул шаарынын Үскүдар муниципалитетинин мэри Хилми Түркмен жер титирөөдөн жабыркаган Адыяман провинциясында да Кыргызстандан жеткирилген 200 боз үй тигилип, анда аймактагы миңдеген мектеп окуучулары билим алып атканын Твиттерге жазган.

6-февралдагы зилзаладан жабыркаган Түркиянын Кахраманмараш шаарында Кыргызстандан жөнөтүлгөн 127 боз үй тигилип, учурда үй-жайсыз калгандар баш калкалап турат.

Зилзаладан кийин Кыргызстандан 200гө жакын куткаруучу жана алты дарыгер  Кахраманмараш жана Хатай провинцияларында куткаруу иштерине жардам берген.

Расмий Анкара зилзала курмандыктары 50 миңден ашканын билдирди. Алардын 6 миң 660ы чет өлкөлүктөр. Дээрлик көпчүлүгү сириялыктар. (ElB)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *