Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Казандагы мектепте ок чыгарган Галявиевге өмүр бою абак жазасы суралды

0

Орусиянын прокуратурасы 2021-жылы май айында Казан шаарындагы мектепте ок чыгарган Илназ Галявиевди өмүр бою эркинен ажыратууну сурады. Тогуз кишинин өмүрү кыйылган ал кылмыш ишти Татарстандын Жогорку соту шаршембиде карады.

Прокуратуранын Телеграм-каналындагы маалыматка ылайык, айыптоочу тарап Галявиев беш жылды түрмөдө, калганын күчөтүлгөн тартиптеги колонияда отурсун деп сурады.

2021-жылдын 11-майында 19 жаштагы Галявиев аңчылык кылган мылтык менен куралданып, өзү мурда окуган гимназияга кирип барып, туш келди ок ачкан. Курман болгондордун жетөө окуучулар, калгандары мугалимдер болчу. 30дан ашык киши жараат алган. Галявиев полициянын колуна өзү түшүп берген. Психологиялык-психиатрикалык экспертиза кылмышка барганда ал эмне кылып атканын түшүнгөн эмес деп аныктаган. Бирок кийин экинчи экспертизадан кийин Галявиевдин акыл-эси ордунда деп тапты. Ал адвокаттардан баш тартканда, айрым юристтер андай чечим ыктыярдуу кабыл алынган эмес деп болжолдошкон.

2021-жылдын декабрында Галявиевге адам өлтүрүү, бир нече кишинин, анын ичинде жашы жете электердин өмүрүнө кол салуу аракети, жардыргыч зат жасоо жана сактоо беренелери боюнча айып тагылган. Жабырлануучу деп табылгандардын саны 600дөн ашат.

Тергөө комитети Галявиев күнөөсүн моюнга алып, кылган ишине өкүнгөнүн билдирген. Тергөөчүлөр ал “Интернеттен көргөн кыйраткыч субмаданияттын өкүлдөрүн туурагысы келген” деп санашат.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *