Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Шотландиянын өкмөтүн биринчи жолу мусулман саясатчы жетектейт

0
Шотландиянын өкмөтүн биринчи жолу мусулман саясатчы жетектейт

Шотландиянын өкмөт башчылыгына биринчи жолу тарыхта мусулман саясатчы шайланды. 37 жаштагы Хамза Юсаф 29-мартта Эдинбургда ант берди. Дүйшөмбү күнү буга чейин саламаттык сактоо министринин кызматын аракалап келген Юсаф Шотландиянын Улуттук партиясынын жетекчиси болуп шайланган. Партиянын мурдагы төрагасы Никола Стержен Шотландиянын биринчи министри (өкмөт башчы) кызматын сегиз жыл аркалагандан кийин 15-февралда отставкага кетерин жарыялаган.

Анын ордуна бир нече партиянын лидерлери ат салышканы менен депутаттардын көбү Юсафка артыкчылык беришти.

Маалымат каражаттары кабарлагандай, саясатчы Шотландияны кризистен алып чыгууга, баалардын кымбатташын токтотууга, Еврошаркет менен биригүүгө аракет көрүлөрүнө убада берген.

Жаңы премьер Глазго шаарында пакистандык иммигранттын үй-бүлөсүндө туулган. 2011-жылы 26 жашында ал эң жаш депутат болгон.

CNN жазгандай, 2016-жылы транспорт министри болуп дайындалганда парламентте салттуу кийим кийип, урду тилинде ант берген.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *