Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

"Ошто басма сөз жыйында Горбачев Каримовду телефонго чакырган"

0

"Бийлик сырлары" берүүбүздүн бул жолку коногу Кыргыз эл акыны, Кыргыз Республикасынын толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Акбар Рыскулов болду.

Ал маегинде кантип “Ленинчил жаш” гезитин башкарып калганын, “түндүктөн түшкөн редактордун” чоо-жайы, Акаевдин жанында жүргөн жылдары, президент кудалардын мамилеси, Каримовдун тамада болгону, “Азаттык” радиосун Кыргызстанга уктуруу келишимине кол коюлушу ж.б. окуялардын тегерегинде кеп кылат.

- Акбар мырза, сиз 1991-жылы “Жаштык жарчысы” гезитинен кеткенде, сиздин ордуңузга атаандаштык негизде өткөн шайлоонун натыйжасында гезитти жетектөөгө келген Мелис Эшимкановду “түндүктөн түшкөн редактор” деп жазышкан. Ошол окуяны сиз кандай баалайсыз, демократиянын көрүнүшү беле же саясий интригалардын оюну беле?

- Бул окуя кийинки боло турган чоң төңкөрүштөрдүн башталышы болду. Мен ал кезде президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси болуп кеткенде, орун басарым Болот Жумабаевди комсомолдун Борбордук Комитети гезиттин башкы редактору кылып бекиткен. Милдетин аткаруучу же башка утурумдук даражада эмес болчу, биротоло чечкен. Ал беш-алты ай башкы редактор катары иштеп калган. Кайра шайлоо өткөрүүнүн зарылчылыгы жок эле.

Анан эле комсомолдун Борбордук Комитетинин пленуму болуп, анын күн тартибине күтүлбөгөн жерден “Жаштык жарчысы” гезитинин башкы редактору жөнүндө маселе коюлат.

Мен пленумда “туура эмес болуп жатканын” айтып эки жолу сүйлөдүм, дегеле уга турган киши жок, ал кезде көчө демократиясы башталып калган. Комсомолдун жетекчилери да алмаша берип алсырап калган эле. Ошентип башкы редактордун кызмат орду 5-6 кишинин эле кутуму менен ишке ашкан. Атаандаштыктагы шайлоо болумуш болуп, ал кызматка “түндүктөн түшкөн редактор” келет. Мелис Эшимканов, Болот Жумабаев дагы “Ленинчил жашта” иштеген, менин шакирттерим болчу.

- Редакторду атаандаштык шайлоодо добуш менен чечкенбиз деп жүрүшпөйбү?

- Добуш менен чечкен күндө да гезиттин уставынын жоболору бузулган. Комсомолдун Борбордук Комитетинин бюросу бекиткен Болот Жумабаевди редакторлуктан алып салганы да мыйзамсыз болгон. Менин ичим күйгөнү ошол “Ленинчил жаш” гезитине 2026-жылы 100 жыл болот, кана ал гезит, менчиктештирип алып жок кылышпадыбы.

- Сиз 1991-жылы Кыргыз Республикасынын президентинин биринчи басма сөз кызматынын жетекчиси болгонсуз, ал кандайча болду эле, эмне үчүн сиздин талапкерлигиңиз тандалган деп ойлойсуз?

- 1990-жылдын октябрь айынын аягында Аскар Акаев президент болуп шайланганы белгилүү. 1991-жылдын башында президенттик администрациянын башчысы Эднан Карабаев мени чакырып, “президенттин басма сөз кызматын жетектеп бериңиз” деп калды. “Менин ишим бар, гезитибиз популярдуу, башка пландарым да бар” деп калдым, мен үчүн абдан күтүүсүз болгон, ойлоноюн дедим.

- Сиздин ага чейин Аскар Акаев менен тааныштыгыңыз, байланышыңыз бар беле?

- Аскар Акаевди биринчи жолу 1990-жылы 27-октябрда Жогорку Советтин сессиясында көрдүм. Анткени мен дагы редактор катары парламентке чакырылып, залдын аягында отурганбыз. Акаев дагы чакырылгандардын арасында отурганын көргөм...

- Анан ойлондуңузбу?

- Эртеси кайра администрацияга чакырышты. Барсам мени кызматка дайындаган жарлыкты колума беришти. Ал күнү кайра редакцияга келип, гезиттин кезектеги номуруп чыгарып, эртеси жамаатыма жаңы дайындоо жөнүндө айттым. Президент ишеним көрсөтүп дайындап жатса, макул деп иштеп калдык...

- Акбар агай, ал кезде президенттин басма сөз катчысы деген институт жок эле да, тажрыйба кайдан келди, бир жактан үйрөнүп келүүгө туура келдиби?

- Ооба, башында мени да ойлондурган, күмөн санаткан суроолор ушу болду. Казакстандын президентинин басма сөз катчысын тааныйт элем, мага караганда 5-6 ай иштеп калган эле, ага чалып, сураган күндөрүм болду. Анан СССРдин президенти Горбачевдун басма сөз катчысы менен тааныштым, аны менен да байланышып турдум. Айтор, ушинтип отуруп, ишибизди илгерилетип кеттик. Ал кезде, азыркыдай басма сөз жыйыны, брифинг деген өтчү эмес, андай түшүнүнүктөр деле жок эле.

1990-жылы күзүндө Аскар Акаев менен Ислам Каримов Ош шаарында жолугушуп, соңунда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кызматташтык, достук жөнүндө келишимге кол койгондон кийин биринчи жолу басма сөз жыйынын өткөргөм. Сүрдөп, толкунданган учурларым болду. Басма сөз жыйыны өтүп жаткан учурда СССРдин президенти Горбачев Өзбек ССРинин президенти Каримовду телефонго чакырган жагдайларга күбө болгом.

- Акбар агай, совет заманында угууга тыюу салынып келген “Азаттык” радиосунун Кыргызстан эгемендик алган жылдары анын аймагында эркин уктурулушун чечкен келишимдерге катышып калганыңызды уктум, ал кандай болду эле?

- Ооба, совет мезгилинде “Эркин Европа - Азаттык” радиосунун берүүлөрүн угууга тоскоолдуктар болгон. Ысык-Атанын тоолорундагы антенналарды көрдүңүзбү, ошолор радиотолкундарга тоскоолдук кылуу үчүн орнотулган.

Аскар Акаев бийликке келгенден кийин эле демократияны өнүктүрүү максатын койду. Демократиянын негизги көрсөткүчү – бул маалыматтын ачыктыгы. Ошол убакты “Азаттыктын” жетекчилери президентке байланышка чыгышкан окшойт, Аскар Акаевич мени чакырып, алар менен келишимдерди түзүүнү тапшырган.

Презизденттин макулдугу менен биз үчөөбүз: мен, байланыш министри Эмил Бектенов, КТРнын президенти Түгөлбай Казаков болуп Мүнхенге учуп бардык.

“Азаттыкты” Кыргызстандын аймагында уктуруу боюнча келишимге кол коюп келгенбиз, бул тарых, бул саясат.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *