Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Кара-Сууда мектеп директору 43 окуучу атырдын жытына ууланганын билдирди

0
Кара-Сууда мектеп директору 43 окуучу атырдын жытына ууланганын билдирди

Оштун Кара-Суу районундагы №101 Кумар Момбеков атындагы орто мектептин 6-классынын окуучулары атырдын жытына ууланышты. Бул тууралуу мектеп директору Нурила Сыдыкова “Азаттыкка” тастыктады.

Анын айтымында, 43 окуучу дарыгерлердин кароосунан өттү, алардын 17си көзөмөлдө болот.

Директор окуучулардын бири атырды класстын ичине сээп ойногонун, андан бир окуучу кыздын башы ооруп баштаганын, кийин баарын дарыгердин көзөмөлүнөн өткөрүүгө Ош облустук балдар ооруканасына жеткирилгенин билдирди.

Ал окуучулардын абалында кооптуу жагдай жок экенин кошумчалады.

Дарыгерлер менен байланышууга мүмкүнчүлүк боло элек. Билим берүү жана илим министрлиги маалымат тарата элек.

Кыргызстанда мектептерде балдардын тамак-ашка, клейге жана белгисиз затка жапырт ууланган учурлары буга чейин бир нече жолу катталган. (DSh)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *