Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Бишкекте сөз эркиндигинин, камакта отургандардын абалы талкууланды

0
Бишкекте сөз эркиндигинин, камакта отургандардын абалы талкууланды

Бишкекте “Убакыт келди” деп аталган улуттук форумда сөз эркиндигинин абалы, Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткан активисттердин ишиндеги ачыкталбаган жагдайлар, геосаясий окуялардын Кыргызстандын коомдук-саясий абалына тийгизген таасири жана тышкы, ички коркунучтар талкууланды. Аны мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун жетектеген Консолидация жана диалог кыймылы деп аталган уюм уюштурган.

"Бийлик менен элдин ортосундагы ажырым чоң, эл ишенбей атат. Буга чейин биз өткөргөн эки тегерек столдо адам укугу жана сөз эркиндигинин абалына токтолуп, анда да бийликтин өкүлдөрү келген эмес. Биз анда да, бүгүн да бийликти консолидацияга чакыралы дедик. Ошентсе да биз пикирибизди билдирип келебиз", - деди Турсунбек Акун.

Иш-чарага бийлик өкүлдөрү, Жогорку сот, Башкы прокуратура, легендарлуу жана азыркы парламенттин депутаттары, адвокаттар, активисттер жана укук коргоочулар чакырылган. Бийлик тараптан эч ким келген жок.

Форумдун жыйынтыгында резолюция кабыл алынып, 23-майда курултай өткөрүү чечими кабыл алынды.

Мындай иш-чаралар 7-февралда жана 10-мартта да өткөрүлгөн.

Былтыр октябрдан Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпы 30га жакын адам жапырт кармалып, азыр 20дан ашыгы абакта отурушат. Бир нечеси ден соолугунан улам үй камагында. 

Эл аралык жана жергиликтүү уюмдар, активисттер камалгандарды бошотууга, укуктарды тебелебей, сөз эркиндигин камсыздоого бийликти чакырышкан. 

Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндигине кысым жок деп билдирген, камакка алынгандарды төңкөрүш уюштуруу аракетин көргөн деп айыптаган. Кармалгандар муну четке каккан. (KS)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *