Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Бишкекке Шинжаңдын партия башчысы келди

0
Бишкекке Шинжаңдын партия башчысы келди

Бүгүн, 30-мартта Бишкекке Кытайдын Шинжаң-Уйгур автономиялуу районунун партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй келди.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Ма Синжуйду "Манас" эл аралык аэропортунда тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев тосуп алды.

Сапар алкагында Шинжаңдын партиялык комитетинин катчысы Синжуй Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугуп, соода-экономикалык, инвестициялык жана региондор аралык кызматташуу жаатындагы эки тараптуу документтерге кол коюу пландалууда.

Шинжаң-Уйгур автономиялуу районунда 180 миңден ашуун этникалык кыргыз жашайт. 2017-жылдан тартып Кытайдын Шинжаң аймагында мусулман этникалык азчылык өкүлдөрү жабык жайларда кармалган учурлар көбөйгөн. Дүйнө коомчулугу бул жагдайды сынга алып келет. Бээжин ал жайларды "тарбиялоо лагерлери" деп атайт. Этникалык кыргыздардын канчасы "тарбиялык лагерлерде" жатканы белгисиз.

Расмий статистикага ылайык, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 2022-жылы 4,1 млрд. долларды түзгөн.

Муну менен эки өлкөнүн соода алакасы мурдагы жылга караганда 2,7 эсеге өскөн жана анын баары тең импорттун үлүшүнө туура келет. Кыргызстандын тышкы карызынын 40% ашуунун Кытай насыясы түзөт. (BCh)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *