Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Новости за 07.03.2023

Париждеги атактуу Нотр-Дам чиркөөсү 2024-жылдын аягында ачылат

Azattyk.org 

Париждеги атактуу Нотр-Дам чиркөөсү 2024-жылдын аягында сыйынуу жана туристтер үчүн ачылат. Төрт жыл мурда өрт чалган имаратты оңдоп-түзөө иштери "жетиштүү ылдамдыкта жүрүп жатканы" 6-мартта жарыяланды. 7-мартта, чиркөөнүн кире беришиндеги жер астындагы мейкиндикте реконструкцияга, илимий-техникалык өнүгүүлөргө арналган көргөзмө ачылат. 850 жылдык тарыхы бар чиркөөнүн кыл чокусу менен чатыры 2019-жылдын 15-апрелинде өрттөн улам урап түшкөн. Оңдоп-түздөө иштери былтыр башталган. Ага чейин реконструкцияны бекемдөө... Читать дальше...

Равшан Жээнбеков ооруканадан кайра тергөө абагына которулду

Azattyk.org 

Кемпир-Абад ишине байланышуу айып коюлган оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбеков ооруканада кайра №1 тергөө абагына которулду. Анын адвокаты Замир Жоошев которуу 3-мартта эле болгонун "Азаттыкка" билдирди жана Жээнбековдун учурдагы саламаттыгы тууралуу кийинчерек маалымат бере турганын айтты. Саясатчы Бишкектеги жеке менчик ооруканаларын бирине бөйрөгүн дарылатуу үчүн 14-февралда жаткырылган. Анын алдында Жээнбеков өлкөнүн юстиция министрине, акыйкатчысына, журналисттерге жана укук коргоочуларга кайрылып... Читать дальше...

Бишкектин борборунда көчө соодасына тыюу салынат

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи Май районунун аймагында 15-марттан тартып көчө соодасына тыюу салынат. Аталган райондун администрациясы кабарлагандай, анда күч ченеген жабдууларды орнотууга, балдардын электромобилдерин, велосипеддерди ижарага берүү токтотулат. Ошондой эле көчөдө балмуздак, суусундук өңдүү нерселерди сатууга болбойт. Райондун башчылыгы көчө соодасы айрыкча жаз-жай айлары күчөрүн, көпчүлүк сатуучулардын уруксат кагаздары жоктугун белгиледи. "Анан калса мындай соода менен алектенгендер шаардын электр зымдарына мыйзамсыз туташып... Читать дальше...

Үй түрттүрүлгөн окуяда чыр чыгарган айылдык кеңештин депутаты камалды

Azattyk.org 

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы Ак-Ордо конушундагы үй түрттүрүлгөн окуяга байланыштуу Новопавловка айылдык кеңешинин депутаты камалганын билдирди. Анда ал депутат тамдын буздурулганына нааразы болуп эл чогулган жерде чыр чыгарганын кабарлады. "Бул чогулушка Сокулук районунун Новопавловка айылдык кеңешинин депутаты, буга чейин Ак-Ордо конушунун “Е, Ж” кварталдарынын башчысы болуп иштеген 1985-жылы туулган К.Т. аттуу жаран келип, коомдук тартипти одоно бузуп, оозго алгыс сөздөр менен сөгүнгөн. Читать дальше...

УКМК: Бишкекте жер боюнча жемкорлукка шектүүлөр кармалды

Azattyk.org 

Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун Аламүдүн районунун архитектура жана жер, курулуш тармагын тейлеген айрым жооптуу кызматкерлери жемкорлукка шектелип кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) бүгүн 7-мартта билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, Бишкектин Башкы архитектура башкармалыгынын, Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин жана Аламүдүн райондук Архитектура башкармалыгынын кызматкерлерине “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана документтерди жасалмалоо... Читать дальше...

Таштанды көйгөйү: курула элек завод, күмөндүү жагдайлар

Azattyk.org 

Бишкекте таштанды кайра иштетүүчү завод куруу боюнча чехиялык компания менен меморандумга кол коюлду. Бул документ ачыкка чыгары менен Жогорку Кеңештин айрым депутаттары завод курчу компаниянын айланасындагы айрым маалыматтарды ачыкка чыгарып, күмөн санап жатат.

Бишкектеги үйлөр зилзалага туруштук береби?

Azattyk.org 

Кыргызстандыктар Түркия менен Сириядагы жер титирөөдөн кийин жашап турган үйүнүн, көп кабаттуу имараттардын сапатынан шек санай баштады. Анткени курулуш иштеринде сеймикалык эрежелер эске алынбайт деп эсептешет. Мындан тышкары Бишкектин жогору жагындагы Ысык-Ата жаракасы да ойлонто турган маселе.

Талас: кыштоо кыдырып сүт алган Гүлмира

Azattyk.org 

Таластын Үч-Эмчек айылынын тургуну Гүлмира Абдылдаева жолдошу экөө айыл кыдырып, сүт чогултат. Келин автоунаасы менен алыскы кыштоого чейин кыдырып, айрым учурларда малчылар айткан керектүү буюм-тайым, тамак-ашын ала барат.



"Бир үйдөн 28 киши дайынсыз". Зилзалада жоголгондордун көбү табыла элек

Azattyk.org 

Түркиянын 11 аймагында катталган зилзаладан бери туура бир ай өттү. Анкара каза болгондордун саны 46 миңге чукулдаганын кабарлады. Апааттан кийин жоголгон жакындарын издегендер оорукана, өлүкканалардын эшигин каккылап, бирок майнап чыкпай атканын айтышууда. "Үмүтүбүз үзүлө элек" Хатай провинциясынын тургуну Нур Делен агасы Эртугрул Делен менен жергиликтүү каналдардын бирине курган маегинде өлкөнүн түштүк-чыгышындагы ондон ашык ооруканалардан дайынсыз кеткен ата-энесин издегенин айтып берди:... Читать дальше...

Дүйшөмбүдө кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу жолугушуу өтөт

Azattyk.org 

Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында 10-16-март күндөрү кыргыз-тажик чек арасын тактоого байланыштуу түзүлгөн эки өлкөнүн жумушчу топторунун жолугушуулары өтөт. Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкектен барчу топтун курамын бекитти жана анын башчысы кылып өкмөттүн чек ара боюнча өкүлү Назирбек Бөрүбаевди дайындады. Бишкекте 3-9-февралда кезектеги кыргыз-тажик чек ара сүйлөшүүлөрү өткөн. Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы "достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында... Читать дальше...

Сот "Азаттыктын" министрлик чечимине каршы арызын четке какты

Azattyk.org 

Бишкектин административдик соту 7-мартта "Азаттык Медиа” мекемесинин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин сайтты бөгөттөгөн чечимине каршы арызын карап, аны канааттандырган жок. Бүгүнкү процессте тараптардын жарыш сөзү болду. "Азаттык Медианын" жактоочулары сайтты бөгөттөөгө негиз болгон видеого байланыштуу министрлик мыйзам бузуу жөнүндө эч кандай негиз келтирбегенин, материал бейтарап берилгенин белгиледи. Жактоочулар министрликтин чечимин мыйзамсыз деп табууну суранды. Читать дальше...

Ташиев аскердик техника, курал алууга 1 млрд. доллар жумшалганын айтты

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстан армиясын чыңдап, коргонуу мүмкүнчүлүгүн бекемдеп жатканын айтты. Ал 6-мартта Жалал-Абад облусунда жүргөндө буга байланыштуу бир топ курал-жарак, аскердик техника сатып алынганын билдирди. "Акыркы эки жылда мамлекет 1 миллиард доллар акчаны коргонуу мүмкүнчүлүгүнө жумшады. Бул биздин Куралдуу күчтөргө алынып жаткан аскердик техникалар, ок-дары, курал-жарак жана башкалар. Биз азыр мурдагыдай эмеспиз. Бүгүнкү күндө башка мамлекеттерден кем эмес курал-жаракка ээ болдук. Читать дальше...

"Азаттыктын" министрлик чечимине каршы арызы: судья кеңешүүгө кетти

Azattyk.org 

Бишкектин административдик соту 7-мартта "Азаттык Медиа” мекемесинин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин сайтты бөгөттөгөн чечимине каршы арызын карады. Бүгүнкү процессте тараптардын жарыш сөзү болду. "Азаттык Медианын" жактоочулары сайтты бөгөттөөгө себеп болгон видеого байланыштуу министрлик мыйзам бузуу жөнүндө эч кандай негиз келтирбегенин, материал бейтарап берилгенин белгиледи. Жактоочулар министрликтин чечимин мыйзамсыз деп табууну суранды. Министрликтин өкүлдөрү... Читать дальше...

Түркияда оппозиция президенттикке Кемал Кылычдароглуну көрсөттү

Azattyk.org 

Түркияда алты партиядан куралган оппозициялык "Улуттук альянс" кыймылы президенттикке Кемал Кылычдарогулунун талапкерлигин көрсөттү. Саясатчы 74 жашта жана өлкөнүн биринчи президенти Мустафа Кемал Ататүрк түптөгөн Улуттук-республикалык партияны жетектейт. "Евроньюс" бирдиктүү талапкер чыгарууга байланыштуу сүйлөшүүлөр оңой-олтоң болбогонун билдирди. Тактап айтканда, Кылычдароглунун көрсөтүлүшүнө "Жакшы партиянын" төрайымы Мерал Акшенер каршы чыккан. Мурдагы ички иштер министри Акшенер президенттикке... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *