Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Новости за 09.03.2023

АФК Кубогу: Кыргызстан Гуам аралдарынын курамасын утту

Azattyk.org 

Кыргызстандын футбол боюнча 20 жашка чейинки кыз-келиндер курама командасы АФК кубогунун тандоо турундагы алгачкы оюнунда Гуам аралдарын 2:0 эсебинде жеңди. Беттештеги голдорду Аделя Ахматбекова менен Медина Рысбекова киргизди. АФК Кубогунун тандоо оюндары ушу тапта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп жатат. 20 жашка чейинки кыздар арасындагы АФК кубогунун тандоо оюндарында Кыргызстан "С" тайпасында Австралия жана Гуам аралдары курама командалары менен ойноп жатат.   Учурда кыргызстандык футболчу кыздар бир оюнду жеңип... Читать дальше...

Бишкек: Гүл базарда кызыган соода

Azattyk.org 

Ош базардын так ортосунда жайгашкан гүл базарда акыркы эки күндө соода кызыды. Базарда бир даана роза түрүнө жараша 120 сомдон, 170 сомго чейин сатылса, жоогазындардын баасы 120 сомдон башталат. Каалоочулар үчүн сатуучулар кооз букет да жасап беришет.

Кемпир-Абад иши: Асия Сасыкбаеванын ден соолугу начарлаганы кабарланды

Azattyk.org 

Кемпир-Абад маселесине байланыштуу камакта отурган мурдагы депутат Асия Сасыкбаеванын ден соолугу начарлап жатканын бүгүн 9-мартта “Азаттык” радиосуна анын адвокаты Рабига Сыдыкова билдирди. Жактоочунун айтымында, Сасыкбаеванын өнөкөт оорулары козголуп, муундары ооруп, кан басымы жогорулоодо, ал эми абактагы дарыгерлердин дарылоосу натыйжа бербей жатат. «Асия Айтбаевна кармалып отурган шарт анын ден соолугуна терс таасирин тийгизүүдө. Өнөкөт оорулары козголуп, жөтөлү кетпей жатат. Абактын дарыгерлери... Читать дальше...

Парламентте президенттин Оштогу өкүлү Жамалдиновго сын айтылды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеште 9-марттагы жыйында президент Садыр Жапаровдун Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдиновго байланыштуу сын-доомат айтылды. Депутат Жусупбек Коргонбой уулу президенттин өкүлү токой чарбанын жерин, үйүн бир тууган агасына каттатып алганын билдирди. Андан сырткары гектарлаган жерлерди алган алган, мүлк жыйнаган фактылар бар экенин белгилеп, мамлекет башчысына кайрылды. "Бир күн дагы бизнес кылбай туруп ушунча жерге, ушунча мүлккө ээлик кылганы президенттин өкүлүнө моралдык-этикалык жактан уят нерсе. Читать дальше...

Батыш-Борбор Азия-Орусия: Санкцияны буйтаган схемалар кандай иштейт?

Azattyk.org 

Европадагы кайра куруу жана өнүктүрүү банкы февраль айындагы жаңы баяндамасында Орусия Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөр аркылуу санкцияларды кыйгап өтүп жатышы мүмкүндүгүн билдирди. Маалыматка ылайык, былтыр Батыш өлкөлөрүнүн Орусияга экспорту кыйла азайган. Ошол эле учурда Европа менен Кошмо Штаттардан Армения менен Кыргызстанга жөнөтүлгөн товарлар 80% көбөйгөн. Ал эми Москвага өнөктөш бул эки өлкөнүн Орусияга экспорту кеминде эки эсе өскөн. Баяндаманы даярдаган экономисттер... Читать дальше...

Исабеков жүк ташуудагы монополия тууралуу сөздөрдү жокко чыгарды

Azattyk.org 

Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабекв 9-мартта Фейсбук аркылуу бул тармак тууралуу маалымат берип, айрым колдонуучулардын суроолорун жооп берди. Ал "Азаттыктын" кыргыз-кытай чек арасындагы "Эркечтам" жана "Торугарт" бекеттери аркылуу жүк ташыган жаңы компаниялардын монополиясы тууралуу дооматтарга байланыштуу суроосуна жооп берди. "Бул жерде монополияштырууга шарт дагы, мүмкүнчүлүк дагы жок.Бизнес өкүлдөрүнүн өздөрүнүн ички-тышкы саясаты бар. Кытай мамлекетинин өзүнүн кызмат үчүн акча алган шарттары жана жол-жобосу бар. Читать дальше...

Отунбаева ооган аялдарына жасалган куугунтуктун кесепетин эскертти

Azattyk.org 

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Ооганстанга жардам көрсөтүү миссиясынын жетекчиси (UNAMA) Роза Отунбаева бул өлкөдөгү аялдардын абалына тынчсыздануусун билдирди. Анда бийликке келген "Талибан" кыймылы миллиондогон аялды үйгө камап, алардын билим алуусуна тыюу салганын белгиледи. Ошондой эле аялдарга карата жасалган репрессиянын кесепети оор болорун, Ооганстан ансыз деле азыр гуманитардык, экономикалык каатчылыкты баштан кечирип жатканын эскертти. "Ооган аялдарын, кыздарды коомдук жашоодон атайлап... Читать дальше...

"Алай" командасы Супер кубокту утуп алды

Azattyk.org 

Кыргызстандын футбол боюнча 2023-жылдагы Супер кубогун Оштун "Алай" командасы утту. Башкы олжо үчүн беттеште "Алай" канттык "Абдыш-Ата" клубун 1:0 эсебинде жеңди. Беттеш 8-мартта Ош шаарындагы Акматбек Сүйүнбаев атындагы стадиондо өтүп, оюндагы жалгыз голду "Алай" командасынын чабуулчусу Рыскелди Артыкбаев 82-мүнөттө киргизди. Ушуну менен "Алай" командасы үчүнчү жолу (2017, 2018) Кыргызстандын Супер кубогун утуп алды.   Суперкубок үчүн беттеш 2011-жылдан баштап ойнотула баштаган. Алгачкы... Читать дальше...

УКМК: "Жалал-Абад" курортунун башчысынын орун басары кармалды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Жалал-Абад облусундагы "Жалал-Абад" санаторийинин жетекчисинин орун басары "опузалап пара талап кылууга шек саналып" камалганын билдирди. "Козголгон кылмыш ишинин алкагында аталган мекеменин директорунун орун басары А.М.С. "Жалал-Абад" санаторийиндеги бейтаптардан акча алып жаткан жеринен кармалган. Ал акысыз медициналык процедураларды акы төлөнчү кызматтардын тизмесине киргизип, дарыланып жаткандардан акча алып жүргөнү аныкталды. Кармалган адам тергөө абагына киргизилди",-деп жазылган маалыматта. Читать дальше...

Тбилисиде полиция менен демонстранттар дагы кагылышты

Azattyk.org 

Грузияда "Чет элдик агенттер тууралуу" мыйзамдын кабыл алынышына каршы нааразылык акциялары 8-мартта да уланды. Демонстранттар парламенттин имаратына кирүүгө аракет кылды. Полиция аларга каршы жаш агызган газ колдонуп, суу менен бүркүп таратты. Маалыматтарга караганда, кагылыштын айынан жараат алгандар бар. Оппозициялык күчтөр бийликти "Орусиянын жолоюна түшүп оюн эркин билдирүү эркиндигин, жарандык активдүүлүктү чектеп жатат" деп айыптоодо. Алар "Чет элдик агенттер тууралуу" мыйзам демократияга каршы келерин... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *