Кемпир-Абад иши: Камактагы активисттин жубайынын иши токтотулду
13-мартта Бишкек шаардык соту Ички иштер министрлигинин (ИИМ) алдына митингге чыкканы үчүн айыпка жыгылган Толгонай Солтонованын ишин токтотуп, Биринчи Май райондук сотунун буга чейинки чечимин жокко чыгарды. Кемпир-Абад маселесине байланыштуу камакта отургандарды колдоп, министрликтин алдына митингге чыккан Толгонай Солтонованы 24-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту айыптуу деп таап, үч миң сом айып пул салган. Солтонова райондук соттун чечимине каршы шаардык сотко арызданган. Толгонай Солтонова Талас облусунун мурдагы башчысы... Читать дальше...