Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Новости за 15.03.2023

Ырыс Жекшеналиевдин соту аяктоодо, ага окуусун улантуу укугу берилди

Azattyk.org 

Блогер жана активист Ырыс Жекшеналиевдин иши боюнча бүгүнкүгө 15-мартка белгиленген сот отуруму 22-мартка калды. Буга ишти караган судьянын башка отурумга катышып жатканы себеп болду. “Жекшеналиевдин иши боюнча баары бүттү. Судья бизди 22-мартка жарыш сөзгө даярданып келгиле деп айтты. Бул биринчиден. Экинчиден, Жекшеналиев эки күн мурун жогорку окуу жайындагы окуусун кайра улантууга мүмкүнчүлүк алды, - деди “Азаттыкка” адвокат Кантемир Турдалиев. Кылмыш-жаза кодексинин "Калайман башаламандык"... Читать дальше...

"Кемпир-Абад иши": Улукбек Маматаевге операция жасалды

Azattyk.org 

Кемпир-Абад ишине байланыштуу тергөө абагында отурган "Бириккен демократиялык кыймылдын" мүчөсү Улукбек Маматаевдин ден соолугу начарлап, 15-мартта эртең менен ооруканага которулду. Ушул эле күнү ага операция жасалганын туугандары жана адвокат Асел Аргынбаева "Азаттыкка" кабарлашты. Алар Маматаев оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатканын жана абалы оор экенин белгилешүүдө. Маматаевдин операция болгонун Жаза аткаруу кызматы дагы ырастады. Былтыр 23-28-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы... Читать дальше...

Төрөбаев шайлоодо пилоттук негизде онлайн добуш берүү киргизилерин билдирди

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев шайлоо өткөрүүдө жаңы маалыматтык система иштелип чыкканын билдирди. Ал 14-мартта Бишкекте өткөн "Санариптештирүүнү өнүктүрүүдөгү Жогорку Кеңештин ролу” деп аталган форумда шайлоодо онлайн добуш берүү пилоттук негизде киргизилерин айтты. Мындай ыкма Борбор Азияда биринчи жолу иштей турганын белгилеп, бирок кайсы шайлоодо колдонуларын тактаган жок. Төрөбаев электрондук өкмөттү өнүктүрүү боюнча Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун 2022-жылдагы рейтингинде 81-орунда экенин айтып... Читать дальше...

Америкалык дрондун жок кылынышы боюнча орус элчиси Мамдепартаментке чакыртылды

Azattyk.org 

14-мартта Кара деңизде америкалык дрондун жок кылынышына байланыштуу АКШнын Мамлекеттик департаментине Орусиянын элчиси Анатолий Антонов чакыртылды. Дипломатиялык мекеменин өкүлү Нед Прайс Кошмо Штаттар бул маселе боюнча орус тарап менен байланышта экенин билдирди. Кошмо Штаттар 14-мартта Кара деңизде эл аралык мейкиндикте иштеген MQ-9 Reaper чалгын дрону орусиялык кыргын салуучу учак менен кагылышканын билдирген. АКШнын Коргоо министрлигинин визуалдык маалыматтарды таратуу кызматы билдиргендей... Читать дальше...

Шаардык сот Жеңиш Разаковдун бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырды

Azattyk.org 

15-мартта Бишкек шаардык соту мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун бөгөт чарасына байланыштуу адвокаттын апелляциялык арызын карап, райондук соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырды. Бул тууралуу адвокат Айбек Өмүров "Азаттык" радиосуна билдирди. Буга чейин Биринчи Май райондук соту Разаковдун абактагы мөөнөтүн 24-апрелге чейин узарткан. Соттун чечимине ылайык, Разаков №1 тергөө абагында кармалууда. Ички иштер министрлиги мурдагы вице-премьерди 24-январда кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин... Читать дальше...

Каржы пирамидасын жарнамалаган таанымал адамдарды жазага тартуу сунушталды

Azattyk.org 

Кыргызстанда каржы пирамидасын жарнама кылган белгилүү адамдарды дагы жазага тартуу сунушталууда. Парламент буга байланыштуу "Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоорун 15-мартта экинчи окууда колдоду.  Долбоордун демилгечиси Шайырбек Ташиев каржы пирамидасын жарнама кылгандарды эркинен ажыратуу жазасы дагы кошулганын белгиледи. "Каржы пирамидасына байланыштуу өзүнүн беренеси бар, 221-берене. Биз азыр 221-беренеге пункт кылып жарнама кылгандар дагы жазалансын дегенди киргизип жатабыз", - деди Ташиев. Читать дальше...

Парламентте Орусияда бир үйдөн энеси менен кызы маңзат менен кармалганы айтылды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков 15-марттагы парламент жыйынында Орусияда маңзат ташууга айыпталып камалган кыргызстандыктардын маселесин көтөрдү. Ал соңку учурда баңгизатка байланыштуу камалган Кыргызстандын жарандары көбөйүп жатканын белгилеп, бул багытта алдын алуу иштерин жүргүзүү зарыл экенин айтты. Депутаттын айтымында, соңку учурда бир үй-бүлөдө экиден адам камалган учурлар көбөйгөн. "Эки күн мурда Орусиядан жарандар кайрылды, апасы менен кызы бирдей баңгизат менен кармалыптыр. Читать дальше...

18-мартта өлкө боюнча ишембилик өтөт

Azattyk.org 

Социалдык инфраструктураны, санитардык абалды жакшыртуу, шаарлардын жана калктуу конуштардын аймактарын көрктөндүрүү максатында 18-мартта өлкөнүн жогорку жетекчилигинин катышуусу менен республика боюнча ишембилик өтөт. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматы кабарлады. Ишембиликке бардык аймактарда мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийликтин кызматкерлери катышат. Өлкөдө жаз алды республикалык ишембилик өткөрүү салтка айлынган. Ага президент баш болгон мамлекет жетекчилери дагы катышат. Читать дальше...



Абировду жоопко тартууга макулдук берүү боюнча депутаттык комиссия түзүлдү

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абировду жоопкерчиликке тартууга макулдук сураган Башкы прокуратуранын сунуштамасына байланыштуу депутаттык комиссия түзүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент  боюнча комитетинин төрайымы Чолпон Султанбекова 15-марттагы сессияда билдирди. Комитет комиссиянын чечимин парламенттин жалпы жыйынына алып чыгат. Комиссиянын курамына кирген депутаттар: Замирбек Мамасадыков ("Ыйман нуру")... Читать дальше...

Meta корпорациясы 10 миң кызматкерин кыскартат

Azattyk.org 

Facebook жана Instagram социалдык түйүндөрүнө ээлик кылган Meta корпорациясы кыскартуулардын экинчи толкунун баштады. Бул жолу Meta 10 миңдей жумуш ордун кыскартат. Өткөн жылы ноябрда корпорация 11 миңдей кызматкер кыскартууга туш болгон. Би-Би-Си билдиргендей, корпорациянын жетекчиси Марк Цукерберг кызматкерлерге жазган кайрылуусунда, кыскартуулар "оор" болорун билдирген. Компаниянын жетекчилиги 5 миң бош орундарга жаңы кызматкерлерди алуудан баш тартты. Цукерберг Metaнын кирешеси олуттуу түрдө... Читать дальше...

Парламент комитети Жаныбек Абировду жоопко тартуу боюнча сунушту карайт

Azattyk.org 

Бүгүн, 15-мартта Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети депутат Жаныбек Абировдун аракетине юридикалык баа берүү үчүн Башкы прокуратурадан келип түшкөн сунушту карайт. Бул тууралуу парламент төрагасы Нурланбек Шакиев шейшембидеги жалпы жыйында билдирди. Ал Абировго байланыштуу Башкы көзөмөл органдан сунуштама келип түшкөнүн кошумчалады. Башкы прокуратура 14-мартта депутат Жаныбек Абировду жоопкерчиликке тартууга макулдук... Читать дальше...

"Абдукадырга окшогондор өзүн мыйзамдаштыргысы келет"

Azattyk.org 

Хабибулла Абдукадыр аттуу ишкер Кыргызстанга жүз миллиондогон доллар инвестиция салары белгилүү болду. Бизнесмендин аты кыргыз коомчулугуна анын Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимов менен байланышы тууралуу “Азаттык”, OCCRP жана Kloop жүргүзгөн иликтөөдө белгилүү болгон. Иликтөөчү журналист Элдияр Арыкбаев Хабибулла Абдукадыр тууралуу "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди. - Сиз жогоруда сөз болгон иликтөөгө түздөн-түз катышкан журналист катары Хабибулла Абдукадыр Кыргызстанга... Читать дальше...

Сулайман Кайыповдун 70 жылдыгына арналган илимий конференция өттү

Azattyk.org 

14-мартта Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде белгилүү фольклорчу, этнограф Сулайман Кайыповдун 70 жылдыгына арналган эл аралык илимий-тажрыйбалык конференция өттү. Анда окумуштуунун илимий жана чыгармачыл эмгектерин талдаган талкуулар уюштурулду. Иш-чаранын жүрүшүндө баяндама жасаган окумуштуулар Кайыповдун илимий иштериндеги ар тараптуу жетишкендиктерин, улуттук фольклор таануу илимин жаңы бийиктикке алып чыкканын белгилешти. Быйыл 70 жашка чыккан Сулайман Кайыпов өлкөдөгү белгилүү этнограф жана адабиятчы. Читать дальше...

Сейсмикалык коопсуздук боюнча мыйзам долбоору сунушталды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев табигый жана техногендик жер титирөөлөргө сейсмологиялык мониторинг жүргүзүүнүн бирдиктүү республикалык системасын түзүүнү сунуштады. Буга байланыштуу мыйзам долбоору иштелип чыгып, коомдук талкууга коюлду. Мыйзам долбооруна ылайык, өлкөнүн сейсмикалык коопсуздугун камсыз кылуу үчүн катуу жер титирөө болгон учурда мамлекеттин, чарба жүргүзүүчү субъекттердин жана калктын өз ара мамилелерин жөнгө салуу каралган. Маалыматтык негиздемеде белгиленгендей... Читать дальше...

Президент Садыр Жапаров Түркияга иш сапары менен барат

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров 15-16-мартта Түркиянын Анкара шаарына иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. Сапардын алкагында мамлекет башчысы Түрк мамлекеттеринин уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын кезексиз саммитине катышат. “Кырсыктарды башкаруу жана гуманитардык жардам” деп аталган жыйында табигый жана техногендик коркунучтардан улам келип чыккан табигый кырсыктар, ошондой эле жамааттык чара көрүү маселелери талкууланары кабарланды. Читать дальше...

Орусияда армияга келишимдик негизде кызмат өтөөгө чакыруу башталат

Azattyk.org 

Орусияда 1-апрелден тарта армияда келишимдик негизде кызмат өтөөгө чакыруу башталат. Коргоо министрлиги тиешелүү документтерге кол коюшу керек болгон адамдардын санын көрсөткөн буйруктарды аймактарга жөнөттү. Жергиликтүү басылмалар келишимдик негизде кызмат өтөөгө чакырыла турган аскерлердин жалпы санын жарыялай баштады. Андагы маалыматтарга караганда, Коргоо министрлигинин планы боюнча армияны 400 миң аскерге толуктоо зарыл. Иштин негизги бөлүгү аскер комиссариаттарына жүктөлүп, пландын аткарылышына губернаторлор жооп берет. Читать дальше...

Малавиде "Фредди" циклону 190 адамдын өмүрүн алды

Azattyk.org 

Түштүк Африкадагы Малави республикасында "Фредди" циклонунан каза болгондордун саны 190 кишиге жетти. Reuters агенттиги бул аймакты бир айдын ичинде эки жолу суу ташкыны болгонун жазды. Суу ташкынынан өлкөнүн экономикалык борбору саналган Блантайр шаарынын тегереги көбүрөөк зыян тартты. Нөшөрлөп жааган жаан жана сел жолдорду, көпүрөлөрдү бузуп, жабыркагандарды куткаруу жана эвакуациялоо кыйындады. "Фредди" циклону коңшулаш Мозамбикке да түйшүк жаратты. Дем алыш күндөрү болгон бороон-чапкындан 22 миңден ашык киши үйлөрүн таштап... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *