Ооганстан менен Пакистандагы жер титирөөдө кеминде 13 киши набыт болду
Пакистан менен Ооганстанда шейшемби күнү кечинде 6,5 баллдык жер титирөөдөн кеминде 13 киши каза болуп, 90дон ашууну жараат алды. Бул тууралуу Reuters агенттиги өкмөт өкүлдөрүнө таянып билдирди. Пакистандын түндүк-батышында расмий эсепте кеминде тогуз киши каза таап, 44ү жаракат алган. Ооганстанда бери дегенде төрт адам өлүп, 50дөйү жараат алганын "Талибан" өкмөтүнүн Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү маалымдады. Эки өлкөдө бир канча турак жай жана имараттар да зыян тарткан. 21-мартта Бишкек... Читать дальше...