Бишкекте эс алуу бакчасын ачууга даярдык көрүлүүдө
Бишкектин борбордук бөлүгүндө дагы бир чакан эс алуу бакчасы ачылганы жатканын бүгүн 23-мартта мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, Жусуп Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги күркөлөр жана тосмолор алынып, азыркы тапта тазалоо иштери жүрүп жатат. Борбор калаанын башкы архитектура мекемеси мэриянын тапшырмасы менен ал жерди жаңылоо боюнча долбоор иштеп чыгып, шаар башчысы Эмилбек Абдыкадыров аны менен жеринен таанышты. Заманбап дизайнга ылайык бак-дарак отургузулуп... Читать дальше...